Патриарх Кирилл: Россиянын чабуулдары Инжилге туура келет

240
0

Владимир Путин Сирия маселесинде орус калкынын алдында өзүн актоо үчүн чиркөө адамдарын ишке салууда. Россиянын православдык чиркөөсү Сирияда болуп жаткан саясий кризиске аралашуу менен кырдаалды ого бетер чиелештирген бийликти колдоп кубаттап чыкты. Чиркөө патриархы Кирилл тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, Сирия орустардын да мекени болуп эсептелет. О.э. патриархтын айтымында, Россия самолётторунун Сирия үстүнөн бомбаларды жаадырып, бейкүнөө адамдарды өлтүрүшү Инжилге туура келет.

Патриарх Россиянын  “Россия 1” телеканалына берген интервьюсунда: “Бизге алыс көрүнгөн Сириядагы окуялар түпкүлүгүндө бизден алыс эмес. Сирия биздин чыныгы кошунабыз. Биз ал жерде ата-мекенибизди коргоп жатабыз”, “Россиянын Сириядагы аскерий операциялары ыйык китеп Инжилге жана Августинустун “Адилеттүү согуш” теориясына туура келет”, – деди.

Патриархтын айтымында, бүт дүйнөнүн көз алдында тынч калктуу пункттарды, ошону менен бирге мектептер жана ооруканаларды бомбалап, эркек-аял, жаш-кары дебестен кыргын кылып жаткан Россиянын чабуулдары адамзатты куткаруу үчүн ишке ашырылып жатат имиш.

“Сириядагы согуштарыбыз коргонуу үчүн жүрүп жатат. Ошондуктан, ал адилеттүү согуш болуп эсептелет. Адамзатты, коомду жана мамлекетти коргоо максатында жүргүзүлүп жаткан согуш диний жактан туура эсептелиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө эң көп басым астында калган дин – бул Христиан дини. Ошондуктан, Россиянын куткаруучу согушуна ар бир адам үмүт менен карап жатат. Биз сириялык боордошторубузду куткарууну каалайбыз. Ушундай жол менен экстремисттер, фанаттар жана террористтер менен согушуп жатабыз”, – деп кошумчалады патриарх.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here