Сариев: Экономикалык абал оорлошуп барууда

268
0

2015-жылы өкмөт кризиске каршы 40 чакты чараларды ишке ашырды, бул нерсе белгиленген мөөнөт ичинде мамлекетте макро экономикалык абалды сактап калууга мүмкүнчүлүк берди. Бирок, экономикалык абал тереңдеп барууда, ошол себептен да министрлер кабинети “белди бекем буушу” керек болот. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев макро экономикалык жана инвестициялык саясат боюнча жыйында айтып өттү.

 “Кечээ Россиянын өкмөт башчысы (Медведев) Россияны экономикалык өнүгүүнүн эң жаман сценарийи күтүп жатканын айтып өттү. Ошондуктан да алар олуттуу кризиске даярданышы керек. Финансы министри болсо 1998-жылдагы кризис кайталанышы мүмкүн экендигин айтып өттү. Биз да экономикалык абал начарлап бара жатканын анык түшүнүшүбүз керек. Ошол себептен, белди бекем буушубуз зарыл”, – деди Темир Сариев.

Туркистон: 

Россия  кудум чөгүп бара жаткан кемеге окшойт. Кыргызстан болсо ошол кемеге аркан менен байланып алган кичинекей кайык сыяктуу. Россиядагы кризис Кыргызстанга да таасирин тийгизет.

Россиянын саясий жана экономикалык кризиске учурашы анык болуп калды. Бирок, Темир Сариев муну эң акыркылардан болуп түшүнүп жаткандыгы кызык.Ушул премьер-министрдин эң чоң каталарынын бири Кыргызстанды ЕАЭБге алып киргендиги болду. Ал өкмөттүн бул биримдикке кошулуу чечимин “бул биз үчүн саясий чечим болду” деген эле. Т.а. “бул Россиянын басымы астында башка айла болбогон мажбурий чара эле” демекчи болду. Бирок басым кимге болду? Натыйжада кимдер зыян көрүп жатат?

Россия Акаев менен Бакиевдерди бийликтен кууп жиберүү менен азыркы бийликти катуу коркутуп койгону жашыруун сыр эмес. Бийлик Россиянын ушунусунан коркту. Т.а. алар бийлигин сактап калуу үчүн бүтүндөй бир улут жана калкты бүгүнкүдөй абалга кептеп коюшту. Алар жарандардын жыргалчылыгын ойлобостон,калк жакыр болсо да өздөрүнүн кол астында турушун каалашты. Алардын ачкөздүгүнө чек жок. Кен байлыктарды сатып бүтүштү. Газды, алтынды сатып жиберишти, эми сууну жана энергетикалык тармактарды да сатууга даярдап жатышат.

Проблема жоопкерчиликтин жоктугунда. Акаев да, Бакиев да Россиянын амандыгы астында турушат. Алар өтө чоң кылмыштары үчүн эч кандай жазага тартылышпады. Бүтүндөй кыргыз элинин талабы да Россиянын чечимин өзгөртө албады. Бул абал кыргыз жетекчилеринде – алар Россиянын кызыкчылыктарына кызмат кыла бериши үчүн – кадыржамдык пайда кылды. Себеби, ар кандай жетекчи элита эң күчтүү кубатка таянат. Жогорудагы абалда болсо, “Кыргызстандагы эң күчтүү кубат анын калкы эмес, тескерисинче Россия экен” деген жаңылыш пикирге келип калышты.

Бул кыргыз элитасы жекече кызыкчылыктары негизинде о.э. жандарынын аман калышы жана жыргалчылыгы үчүн иш кылышат. Ушул жолдо бүтүндөй бир улуттун байлыгын, саламаттыгын, эркиндик жана жыргалчылыгын, кыскасы бардык кызыкчылыктарын жок кылып жиберишүүдө. Бардык тармакты бир четинен сатып жиберишүүдө. Алардын кылмыштарына нааразы болуп жаткандар болсо алардын эмес, элдин душманына айланышып, дароо куугунтукталышат.

Эми Россия менен байланган арканды үзүп жиберүү кыйын болот. Буга жетекчилерибиздин саясий эрки жетпейт. Россиядагы Путиндин режими болсо, кыргыз бийлигине басым өткөрүүнү уланта берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here