Пакистан менен Ливан коалицияга кошулгандыгынан кабарсыз экендигин билдиришти

233
0

“The Independent” басылмасынын кабар беришинче, Жакынкы Чыгыштын эки мамлекети Саудия башчылыгында түзүлгөн коалициядагы катышуусунан кабарсыз экендигин билдиришти.

  Пакистан жана Ливан терроризмге каршы түзүлгөн исламий коалицияга кошуп коюлгандыгынан кабарсыз экендигин билдиришти.

 Пакистан тышкы иштер министри Айзаз Чоудри билдирүү берип, бул тууралуу гезиттен окуп билгендигин айткан. Ошондон кийин Саудиянын элчиси телефон чалып абалды талкуулашкан. Анын айтымында, расмий Исламабад менен коалицияга кошулуу маселеси талкууланган эмес.

 О.э. Ливандын тышкы иштер министрлиги да коалицияга киргендиги жөнүндө эч кандай кабар албаган. Министрлик бул абал боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган жана бул кадамды айрым күчтөрдүн Ливан ТИМинин ыйгарым-укугун өз мойнуна алууга болгон аракети катары баалады.

 Малайзия аскерий операцияларга  катышпастыгын билдирген болсо, Индонезиянын Саудия башчылыгындагы коалицияга кирүүгө азырынча экиленип тургандыгы айтылууда.

 Мындан бир аз мурда, Саудия 34 мусулман мамлекеттин катышуусунда террорчулукка каршы күрөшүү үчүн коалиция түзүлгөнүн жарыя кылып, коалицияга Саудия, Иордания, БАЭ, Пакистан, Бангладеш, Бахрейн, Бенин, Түркия, Чад, Того, Тунис, Жибути, Сенегал, Судан, Сьерра-Леоне, Сомали, Габон, Гвинея, Палестина, Комор аралдары, Катар, Кот-д’Ивуар, Кувейт, Ливан, Ливия, Мали, Мальдив Республикасы, Малайзия, Мисир, Марокко, Мавритания, Нигер, Нигерия жана Яман киргени тууралуу кабар таркаткан болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here