Массалык маалымат каражаттарынын кабарларына ылайык, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан Сирияда ок атууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча токтом кабыл алынды. Бул токтомго АКШ курсант болгон болсо, ал эми Россияга жакпады.
Журналисттерге интервью берген Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жогорудагы токтомго кубанбагандыгын билдирген болсо да, бирок мунун артынан Сирия калкы өз келечегин өздөрү чечиши үчүн мүмкүнчүлүк пайда болгондугун айтты. Лавровдун айтымында, Сирия келечеги жөнүндө Сирия калкынын өзү чечим кабыл алышы керек. Бул болсо Асаддын келечегин да өз ичине алат.
“Бүгүнкү жетишилгендерден кубанычта эмесмин. А бирок, сириялыктар өз мамлекетинин келечегин өздөрү белгилеши үчүн өтө маанилүү кадам ташталды”, – деди Лавров.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган жогорудагы токтом Сирия оппозициясы менен Асад режими ортосунда расмий сүйлөшүүлөрдүн башталышын жана 6 айдын ичинде убактылуу өкмөт түзүлүшүн өз ичине алат. Ал эми токтомдун текстинде Сирия президенти Башар Асаддын кандай рол ойношу боюнча эч кандай көрсөтмө жок.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирия боюнча 2254 номерлүү токтом долбоорунда төмөнкү беренелер бар:
- Январь айынын башынан расмий сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
- ИШИМ жана Жабхатун Нусра сыяктуу “Террорчу”, деп таанылган топтордун сүйлөшүүлөргө катышуусуна жол берилбейт.
- Бул топторго карата чабуул, ошону менен бирге АКШ жана Россия башчылыгындагы авиа соккулар да уланат.
- БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун 18 январга чейин келишим кандай киргизилиши боюнча маалымат сунуштайт.
- Алты айдын ичинде ишенимдүү, инклюзивдик жана мазхабчыл болбогон өкмөт түзүлөт.
- 18 айдын ичинде БУУнун көзөмөлү астында эркин жана адилеттүү шайлоолор өткөрүлөт.
- Саясий өткөөл мезгили Сириянын кол астында астында болушу шарт болот.
Батыш мамлекеттери Асаддын кетиши тууралуу пикир билдирип жатканда, Россия жана Кытай болсо тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Асаддын бийликтен кетиши айтылбашы керектигин билдирип жатышат. Керринин баса белгилешинче, Асад Сирияда өзүнүн мыйзамдуулугун жоготкон. Бирок, Асаддын дароо бийликтен кетишин талап кылуу согуштун уланышына себеп болушу мүмкүн.