“Путин мурдагы орус княздарынын жолу менен бара жатат”

283
0

Устаз Абу Анас Исмаил Россиянын Сирияга чабуул баштаганына төмөнкүдөй комментарий берди:

“Мына орустардын Сирияга кире турган күндөрү да келди. Кылмышкер Путин Россиянын мурдагы княздарына салам жолдоп жатат. Орустар ата-бабаларынын арзуусун жүзөгө чыгаруу үчүн аракет кылып жатышат.

Россиянын белгилүү падышасы Екатеринанын сөздөрү алардын зээнинен орун алган. Екатерина 19-кылымда: “Менин үйүм болуп эсептелген Россияга бара турган жолдун ачкычы Сирияда” деген эле. Бүгүнкү күндө Россиянын президенти Владимир Путин Екатеринанын айткандарын ишке ашырууга киришти. Башка орус княздары жана коммунисттери муну ишке ашыра алышпаган эле.

Бирок, Путин – тарыхта Леонид Брежнев башынан өткөргөнү сыяктуу – сюрпризге дуушар болду. Тарыхта Афганистан коммунизм үчүн мазар болгон эле. Бүгүнкү күндө болсо Сирия азыркы замандагы орус княздары жана кафир Батыш үчүн о.э. алардын арзуу-үмүттөрү үчүн мазар болот!

Путин өз тарыхын өзү жазууну каалап жатат, бирок, биз муну кантип ишке ашырууну көрсөтүп койдук. АКШ, Европа, Россия, Кытай жана Ирандын жалданма аскерлери Сирияда Исламга каршы үчүнчү дүйнөлүк согушту баштоону каалап жатышса – мен силерге айтып коюуну каалаймын – Гутада жүз бере турган абал “Малхаматул кубро” болуп эсептелет. (Малхаматул кубро – өтө кандуу согуш деген маанини түшүндүрөт). Бул согуш акыйда, ыйман жана сабыр үстүнө курулат.

Силер бизге “илманийлик, капитализм жана демократияны кабыл алгыла, болбосо өлүмгө өкүм кылынасыӊар” деп жатасыӊар. Биздин силерге айтарыбыз: “Инша Аллах биз өз байрагыбызды бийик көтөрөбүз. Биз жеӊебиз жана Аллахтын уруксаты менен адамзатты силердин зулумуӊардан, мыйзамдарыӊардын зомбулугунан жана идеологияӊардын зулумунан азат кылабыз”.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here