Темир Сариев Кытайга жөнөп кетти

266
0

Кыргызстан өкмөтүнүн маалымат кызматынын кабар беришинче, премьер-министр Темир Сариев башчылыгындагы делегация 14-декабрь күнү Кытайдын Чжэнчжоу шаарына жетип барган. Темир Сариев ал жерде 15-декабрь күнү болуп өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Темир Сариев Кытадын жетекчилиги менен да жолугушат.

“Сариевдин сапары Кытайдын Мамлекеттик кеӊешинин премьер-министри Ли Кэцяндын чакыруусу менен ишке ашырылат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө”, – деп айтылат кабарда.

17-декабрга чейин улана турган сапардын алкагында Темир Сариевдин эл аралык интернет-конференцияга жана Кыргызстан -Кытай инвестициялык форумуна катышуусу пландаштырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here