Шамдагы Үммөт козголоңу башынан өткөрө турган кезектеги машакат

331
0

Роя гезитинин 2015-жыл, 9-декабрь, шаршембиДЕГИ 55-санынан:

Эр-Рияд конференциясы: Шамдагы Үммөт козголоңу башынан өткөрө турган кезектеги машакат

Акыркы эки айдын ичинде Америка басып өткөн баскычтар ийгиликсиздик менен аяктады. Айрыкча, кылмышкер режимге бекем пайдубал орнотуп берүү үчүн Америка өзүнүн кийинки картасын ишке салышы менен т.а. Россиянын аскерий аралашуусуна уруксат бериши менен режимдин алсыздыгы ачык көрүнүп калды. Мына ушулардан кийин Вена конференциясы болуп өттү. Анда чогулгандар тездик менен – мубарак Шам козголоңундагы жаш балдар көрсөтүп жаткан кайратчалык  кайратка да ээ болбогон – алсыз оппозицияны бириктирүүгө келишип алышты. Натыйжада, бул Саудия тарабынан чакырылган Эр-Рияд конференциясы болду.

Конференцияга даярдык ыкчамдык менен башталды. Ага ушул маселеге тиешелүү жана андан кызыкдар болгон жарандар менен аскерий чөйрөлөр чакырылды. Козголоңду арзыбаган кыйматка сатуу болжолдонгон мындай конференцияда катышуусу үчүн бир нече тарапка чакыруу жолдонду: ошону менен бирге, малайлык даражасына жетишүү үчүн мүчөлөрү арасында тездик менен өз ара мелдеш башталып кеткен Америка коалициясына, улуттук координациялык комитетке о.э. Шамдагы бир нече топтор жана командачыларга чакыруу жолдонду.

Конференция алкагында кандайдыр кемчилик жүз бергенде аралашуу үчүн Америка, Британия, Россия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Мисир, Түркия, Саудия, Омман жана Ирактан өкүлдөр чакырыла турган болду.

Ушул Конференция Кошмо Штаттар, Россия, Саудия жана Иранды өз ичине алган 17 мамлекет тарабынан Сириядагы саясий өткөөл мезгил жараянына тиешелүү жол картасы кабыл алынгандан кийин өткөрүлө турган болду. Конференциянын күн тартибинде «Женева-1» жана «Женева-2» сыяктуу конференцияларда келишилген жана Вена конференциясында таянылган бир нече негизги маселелер талкууланат. Бул маселелер – конференцияны каржылаган мамлекеттердин тышкы иштер министрлери өздөрүнүн маалымат жыйындарында тез-тез тилге алып жаткан, мисалы, Сирия мамлекетинин илманийлигин о.э. мамлекеттин армия жана коопсуздук кызматы сыяктуу негизги органдарын сактап калуу, бул саясий чечимге каршы чыккан ар бир адамга каршы күрөшүү о.э. аймактардагы согуштарды токтотуу… сыяктуу маселелер.

Ушул Эр-Рияд конференциясына чакырык Шам козголоңу беш жылдан бери – ал тургай статистикалар да эсептөөгө жана каттоого алсыздык кылып жаткан – эсепсиз курмандыктарды берип жаткан бир учурда жаӊырууда. Бул баатыр, сабырдуу, калыс калк ушунча курмандыктарды бергени үчүн сыйлануунун ордуна, аларга ушул конференция аркылуу сокку берилүүдө. Айрыкча, Шам калкы катуу мээнет кылып жетиштирип чыгарган айрым топтордун канкор режим менен сүйлөшүү столуна отурууга ыраазылык бериши ага эң катуу сокку болуп тийди.

Биз Шам калкы өз бооруна алган жана аларды коргоо жолунда ушунча кыйынчылыктарга учураган кишилерге кайрылабыз: Бул Шам калкы силерге тапшырган аманат. Демек, Аллахка, Расулуна жана мына ушул аманатка кыянат кылбагыла. Силердин аларга сыйлыгыӊар ушулбу, силерге кылган ушунча жакшылыктарын сатып жиберүүгө ыраазы болосуӊарбы?

Эй Шамдагы калкыбыз!

Мына, силерге каршы кезектеги тил бириктирүү. Ал силердин тынчтык жана коопсуздукка болгон муктаждыгыӊардан пайдаланып, ишке ашырылып жаткан тил бириктирүү. Аллахка ант болсун, Аллахка тобокел кылуу, Анын арканын бекем кармоо жана сабыр кылуу менен гана бул фитнага каршы тура албайсыӊар. Себеби, мусибатыӊар ушунчалык оор жана силер тоо-таштар да көтөрө албай турган оор абалдасыӊар. Бирок, Аллах Субханаху силерди Өз кепилдигине алган жана бул тууралуу Пайгамбарыбыз с.а.в.:

«إنَّ اللهَ قَدْ تَكَفَّلَ لِي بِالشَّامِ وِأَهْلِهِ»

«Аллах мен үчүн Шам жана анын калкын Өз кепилдигине алды», – деген. Демек ушундай болгон соӊ, аӊ-сезимдүү болгула, өзүӊөргө каршы токулуп жаткан фитналарды ашкере кылгыла жана жок кылгыла. Үммөтүӊөр силерден мына ушундай убада алган.

Абду Далий калемине таандык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here