Президенттик аппараттын маалымат кызматынын кабар беришинче, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 11-декабрдан баштап Түркмөнстан, Кувейт жана Катар мамлекеттерине расмий сапар менен барат.
Кабарда айтылышынча, расмий сапар 11-15-декабрь күндөрү ишке ашырылат. Ашхабадга болгон сапарында Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушат. Андан соң “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташтык” деген аталыштагы эл аралык конференцияга катышат. О.э. ал жерде Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен да жолугушат.
Атамбаев 12-14-декабрь күндөрү расмий сапар менен Кувейтке барса, ал эми 14-15-декабрь күндөрү Катарда эмир Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушат.