Диний активисттер президентке терроризмге каршы күрөш боюнча сунуштар менен чыгышты

280
0

“Диний активисттер терроризмге каршы күрөш боюнча маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол уюштуруп, мамлекет жетекчилигине – президент жана башка жогорку даражалуу чиновниктерге – Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугу боюнча кайрылуу кабыл алышты”, – деп билдирди “Элдик демилге” коомдук саясий кыймылынын өкүлү Жениш Молдокматов.

Анын айтымында, президентке кайрылууда мамлекеттеги диний тармактын абалы жана анын айланасындагы проблемаларды чечүүгө тиешелүү 10 сунуш орун алган.

Ошону менен бирге, кантип радикалдык идеологияларга каршы Ислам негизиндеги идеологиялык түзүмдү пайда кылуу, Ислам динин ЖМКдагы жаманатты кылуудан коргоо сыяктуу сунуштар келтирилген. Документте “исламчы террористтер”, “исламчылар”, “ислам фундаментализми” сыяктуу атамалардан пайдаланууга тыюу салуу, о.э. дин таануучулар жана психологдордон  турган атайын топторду түзүп, жаштардын арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү да сунушталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here