Бишкекте дагы бир “террорчулар” тобу жок кылынды

383
0

Бишкекте дагы бир “террорчулар” тобу жок кылынды

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 11-декабрга караган түнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн атайын операция учурунда кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп шектелген эки адам курчоого алынып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүгү себептүү атып өлтүрүлдү.

“Өлүктөр күбөлүк бере алышпайт”. Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы тобу жүргүзүп  жаткан акыркы операциялар дал ушул принципте болуп жатат. Бул КГБнын иштөө принциби болуп эсептелет. Акыркы айларда Кыргызстан УКМКсынын бир катар кызматкерлери Россияга барып тажрыйба топтоп кайтышты. УКМК кызматкерлери алардан – жогорудагы сыяктуу – өз жарандарын өлтүрүп жиберүү, андан соӊ бир катар ачылышы кыйын болгон кылмыштык иштерди ошол өлүктөргө жүктөп жиберүү операциясын үйрөнүп келишти.

Көӊүл бурган болсоӊуздар,  № 50 абактан кылмышкерлерди качырып жиберүү операциясында да кудум ушундай болгон. Абактан качкан 9 кылмышкер, абактын 4 кызматкери жана аягында ушул окуяга күбө болгон абактын башчысы болуп, жалпысынан 14 адам өлтүрүлдү. Орган кызматкерлери бизден алар түзгөн версияларга ишене берүүнү талап кылууда. Бизде болсо башка версия бар.

Биздин оюбузча, № 50 абакка бир топ орган кызматкерлери кирип барышкан. Алар документтери менен тоскоолдуксуз кирип бара алышкан. Андан кийин абак кызматкерлерин камакка алып, аларды өлө турган абалга чейин алып барышкан. Андан кийин өздөрүнө караштуу кылмышкерлер жардамында камералардын эшигин ачып башташкан. Бул иш алардын биринчи иши болгондуктан, кээде кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен болушу да мүмкүн. Бирок, натыйжада качуудан башка чарасы калбаган туткундардын жана ыктыярсыз түрдө күбө болуп калган кызматкерлердин дээрлик бардыгы өлтүрүлдү. Иш болсо убактылуу – алардын тили менен айтканда – “асылып турат”. Бул операция да – Акаевдин Аксыдагы канкордугу сыяктуу – али көп ачылат.

Качкындар операциясын жаап жиберүү кыйыныраак. Алардын бул ишти да өлтүрүлгөн кызматкерлерге жүктөп жиберүүдөн башка чарасы жок. Ошондо өлгөн кызматкерлердин жаназасына мамлекет башчылардын бири да катышпады. Алардын жакындарына көӊүл да айтышпады, же сыйлык да берилбеди, бирер жолу мактаган билдирүү да берилбеди. Демек, алардын жакындары аза күтүүнү аякташы күтүлүп жатат.

 Кечээ түндө болуп өткөн жаңы операцияда да бирер тирүү күбө калтырылбады. Эми бул операциянын натыйжасында өлтүрүлгөн эки адамды бир катар кылмыштарды кылгандыкта айыпташат. Бишкек шаарында атып өлтүрүлгөн участкалык инспектор кенже-лейтенант Актилек Абдивалиевдин өлүмүнө да ушул кылмышкерлерди айыптуу деп жатышат. Акыркы кездерде орган кызматкерлери бир катар мусулмандарды мыйзамсыз исламий уюмдарга тиешелүү деп билдирүү бере башташты. Акыйкатта болсо, бирер адамды ал же бул айып менен айыптоо үчүн соттун өкүмү болушу керек. Бул болсо, Кыргызстан да авторитардык режимге бара жатканын билдирет.

 Жакында Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү болгон боордошубуз Бакыт Жуматаевди да УКМК кызматкерлери камакка алышты. Анын үйүнөн да бир катар жардыруучу заттар чыкты деген дааба менен экстремист деп тергөө кыла башташты. Акыркы жылдарда орган кызматкерлери тарабынан Хизб мүчөлөрүнө курал-жарактарды тыгыштырып камакка алуу иштери көбөйүп бара жатат. Бул да Россиянын, кээде болсо Өзбекстандын басымы астында болуп жатат. Күч түзүмдөрүнө Хизбди террорчу топтор тизмесине киргизүүгө буйрук берилген.

Эӊ жаман жери, өкмөт мусулмандарды “конституциялык түзүмгө каршы” деген тамга менен экстремист деп камап жаткан абалда, өздөрү конституциясын тебелеп-тепсей башташты. Хизб конституциялык түзүмгө каршы эмес, тескерисинче, демократия негизиндеги башкаруунун кепилдиги болгон конституцияны түп-тамыры менен өзгөртүүнүн тарапкери. Хизб эч качан анархияга негизделүүчү түзүмдү колдогон эмес. Хизб аны четке кагат.

Мисал катары Борбор Азия мамлекеттерин ала турган болсок, бул жерде кыйроого учурап болгон демократия идеологиясын чүмбөт кылып алган анархияга окшош авторитардык режимдерди көрөбүз. Алар өз калкын, айрыкча диний жетекчилерди о.э. мечит имамдарын коркутуу иштерин жүргүзүп жатышат. Түпкүлүгүндө, коркутуу операциялары бир идеологияга таянуучу мыйзам негизинде болушу керек эле. Бирок, бул мамлекеттердин жетекчилери террордук операцияларды уюштуруу жана негизсиз коркутуу уругун себүү менен, мыйзамдарды айланып өтүшүн актоого аракет кылышат.

 Ал тургай, өлүм жазасына өкүм кылынган кылмышкерлердин да акы-укуктары болот. Бул нерсе дүйнөнүн дээрлик бардык мыйзамдар программасынын негизи болуп эсептелет. Кыргыз өкмөтү Россиянын изи менен жүрүп, исламий террористтер шылтоосу менен өз жарандарын оӊой эле атып салууда. Бул жолдо ал тургай аялдарды да аяп отурбастан, аларды колундагы жаш балдары менен кошо камап коюуда. Бирок, алар тарых алдында албетте жооп беришет. Балким Акаев жана Бакиевдер өтө көп кылмыш кылганына карабастан тынч-аман жүрүшкөнү аларды кадыржам кылып жаткандыр. Бирок, негизги ишти аткарган алардын кол астындагы кызматкерлери канчалаган кыйынчылыктарды көрүштү.

 Өкмөттүн жийиркеничтүү операцияларын түздөн-түз аткарып жаткан күч түзүмүнүн кызматкерлерине айтаарыбыз, Аллахтан корккула! Силер бул өлкөдөн качып кете албайсыӊар. Өлкөнүн кызыкчылыгы жана элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылгыла! Болбосо ыпылас саясаттын курмандыгына айланып калышыӊар мүмкүн.

 Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here