НАТО: Мусулмандар үчүн согушка кирбейбиз

253
0

НАТО ИШИМге каршы согушуу үчүн Сирияга аскерий күч жибербейт. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Швейцариянын “Tages-Anzeiger” гезитине интервью берди. Столтенбергдин баса белгилешинче, мусулмандардын өздөрү согушту улантышы керек. Ал үчүн жергиликтүү күчтөрдү күчөтүү зарыл.

“Бул согушта мусулмандар алдыңкы катарда. Курман болгондордун көпчүлүгү да мусулмандар. ИШИМ менен согушуп жаткандардын көпчүлүгү да мусулмандар. Биз мусулмандар үчүн бул согушту уланта албайбыз”, “АКШнын аз сандуу атайын күчтөрү бар. Бирок, биринчи орунда жергиликтүү күчтөрдү күчөтүү керек. Бул оӊой эмес, а бирок, башка вариант да жок”, – деди Столтенберг.

Кургактыктан чабуул кыла турган күчтөрдү Сирияга жөнөтүү туурасында сөз кылган НАТОнун башкы катчысы: “Бул НАТО союздаштарынын же коалициялык күчтөрдүн күн тартибине киргизилген эмес”, – деп кошумча кылды.

Столтенберг бул согуштар Батыш менен мусулман дүйнөсүнүн ортосунда эмес, “экстремизм” жана “терроризм”ге каршы жүрүп жатканын айтып өттү. Бирок, ал мектептерге уюштурулган чабуулдардын натыйжасында өлгөн окуучулар о.э. шаар жана айылдардын үстүнөн жаадырылып жаткан бомбалар себептүү кыргын кылынып жаткан жаш балдар жана аялдардын “экстремизм” жана “терроризм”ге кандай тиешеси бар экендиги жөнүндө айтпады.

Россия Сирияда террордук иштерди кылып жатканына бүт дүйнө күбө болуп турат. Россиянын аба күчтөрү Сирияда жыйырма күндүн ичинде 127 карапайым жаранды өлтүрдү. Алардын 36сы 18 жашка чыга элек жаш балдар, 34ү 18 жашка чыга элек жаш кыздар жана 58и болсо эркекетерден турат. Ошондой болушуна карабастан, НАТОнун назарында Россия эмес, өз акыйдасы менен жашоону талап кылып жаткан мусулмандар “террорист” болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here