Россия чегарачылары Түркиядан Казакстан менен Кыргызстанга келе жаткан транзиттик жүк машиналарын өткөрбөй жатат

275
0

Россия Грузия чегарасы аркылуу өтүп кетиши керек болгон Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттерине келе жаткан жүк машиналарын тосуп койду. Айдоочулардын билдиришинче, алгачкы жүк машинасы 26-ноябрь күнү тосулган. Бүгүнкү күнгө чейин анын артындагы жүздөгөн машиналар колонна болуп турушат, чегарачылар болсо аларды тосуп коюуга эч кандай себепти же буйрукту келтиришкен жок.

ЕАЭБ түзүлүп, Кыргызстан ага мүчө болуп  жатканда, алардын жалпы тышкы чегаралары теӊ укуктуулук жана ар биринин кызыкчылыгы үчүн кеӊешүү негизинде иштей тургандыктары көп жолу кайталанган болчу. Бирок, Россиянын бул уюмда гегемондук кылышы мурдатан белгилүү болчу.

 Грузия Россия чегарасында турган жүк машиналарынын ичинде мөмө-жемиш сыяктуу тез бузула  турган жүктөрү менен Казакстан жана Кыргызстандын ондогон машиналары да бар экен. Мына эми кыргыз жана казак өкмөттөрү  алар алып келе жаткан  жүктөр кыргыз жана казак элдери үчүн канчалык маанилүү экендигин билип туруп, канткенде Россияны өз кызыкчылыктары тарапка жүргүзө алышын тамаша кылабыз.

Ар дайым Россиянын кызыкчылыктары гана эсепке алынат. Уюмдун иш-аракетинде калган мүчөлөрүнүн дээрлик салмагы жана катышуусу жок. Путин Россияда аскерий абал жарыя кылуунун астында турат. Анда ЕАЭБдин экономикалык алакалары жана бири-биринен алып өтө турган транзиттик жүктөрү проблемалары ого бетер татаал болот. Уюмдан күтүлгөн экономикалык өнүгүү долбоорлорунун бардыгы жокко чыгышы анык көрүнүп калды.

Путиндин Түркия менен кайым айтышуусунда Россия кезектеги зыяндарга дуушар болуп бара жатат. Ал маалыматтык согушта да, экономикалык, саясий жана ал тургай аскерий тараптан да жеӊилди. Түркиянын премьер-министри, “биз орус компания жана жарандарына каршы эч кандай кескин чараларды көрбөйбүз” деди. Т.а. “биз Путин Россиядагы түрк жарандарга карата жүргүзүп жаткан мамилеси менен түшүп бара жаткан төмөндүккө түшпөйбүз” деди.

 Эрдоган болсо, бир нече жолу аскерий кагышууга даяр экендигине ишара кылуучу билдирүүлөр менен чыкты. Россия Түркиянын мамилесине карата  жетекчи мамлекетке таандык болгон мамилени көрсөтө албады. Ошону менен Россия эл аралык саясаттагы чыныгы ордун тан алууга мажбур болду. Анын орду болсо, Путин текебер сөздөр менен белгилеген даражадан бир кыйла төмөн даражада экен.

Өз ыктыярын жана тизгинин Россияга карматып коюу менен өтө чоӊ ката кетирип жатканын Кыргызстан өкмөтүнө дагы бир жолу эскертип өтөбүз. Россиянын каталары жана кежирдиги себептүү Кыргызстан ЕАЭБге кошулду. Ал мамлекеттик экономиканын негизги тараза ташы болуп турган жана үлкөн социалдык проблемаларга дары болуп турган эки чоӊ базарын жоготуп барууда. Бардык балээнин башы, жогорудагы сыяктуу Россиянын каталары  себептүү келип жаткан кырсыктарга бизди да тартып бара жаткандыгында. Бул нерсе башталышы, ушул стратегия менен Россиянын артынан жүрө берсек, көргөнүбүздөн көрө турганыбыз көбүрөөк  деп айтууга болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here