Бишкекте Борбор Азиядагы диний абал талкууланат

235
0

 7-8-декабрь күндөрү Бишкек шаарында “Борбор Азиядагы диний радикалдашуу: реалдуулук жана миф” деп аталган эки күндүк конференция өтүп жатат. Британиянын “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту” (IWPR ) тарабынан уюштурулган конференцияда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан диний уламалар, теолог-адистер жана мамлекеттик тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышууда.

 Конференция учурунда Борбор Азиядагы диний абал, радикалдашуунун алдын алуу боюнча маселелер талкууланат. О.э. экстремизм темасын ачыктап  жаткан журналисттерге атайын окуулар өткөрүлөт. Конференциянын аягында катышуучулардын ой-пикирлери негизинде атайын сунуштар топтому иштелип чыгып, тийиштүү органдарга сунушталат.

Конференция Норвегия өкмөтү жана Европа Союзу тарабынан каржыланат.

Туркистон:

Мусулмандардын турмуштук маселелери Норвегия, Европа Союзу же Россия сыяктуу куфр мамлекеттери уюштуруп жаткан жыйында каралышы туурабы?

Куфр системасы Исламды “радикал жана муътадил” деп мусулмандарды экиге бөлүү долбоорун иштеп чыкты. Бирок, алардын бул долбоорлорун ишке ашыруу жана дүйнө мусулмандарын бул жомокко ишендирүү алардын колунан келбейт. Муну аларга ушул конференцияда чогулган аалымдар сыяктуу диний жетекчилерибиз аткарып бериши керек. Алар мусулмандардын жарымын ушул жомокко ишендире алышса, куфр ошол мусулмандар жардамында калган экинчи жарымындагы мусулмандарга каршы фронт даярдай баштайт.

Түпкүлүгүндө, бул табышмактын чечими 2х2=4 сыяктуу өтө жөнөкөй жана анык. Куфрга таянып, анын куфр кубатынан пайдаланып Ислам жана мусулмандарга кантип пайда келтирүүгө болсун? Ушул пайда исламий болушу мүмкүнбү? Европа Союзу же Россия Ислам пайдасы үчүн мусулмандарга жардам берүү максатында бирер иш кылып бериши мүмкүн деп ойлойсуӊарбы? Бул жыйында эмне тууралуу сөз болгону экинчи маселе. Проблема ушул сыяктуу жыйындардан мусулмандар өздөрү үчүн бирер пайда издеп жатканында. Жок, алар бизди адаштырып жатышат.

“Терроризм, экстремизм” булар мурдатан ойлоп табылган терминдер болчу. Бул терминдерди, жогорудагы сыяктуу конференциялар жардамында адамдардын пикиринде коркунучтуу образ пайда кылып алууга аракет кылышат. (Жардыруу операциялары бирер исламий аталыштагы уюм аркылуу ишке ашырылдыбы же түздөн-түз өздөрү уюштуруштубу айырмасы жок. Маанилүүсү, алардын ыктыяры жана демөөрчүлүгү негизинде ишке ашырылат.) Андан соӊ өздөрү ар түрдүү жардыруу иштерин уюштуруулар менен, адамдарда коркуу жана өздөрүнө көз каранды болууга үндөөчү абал пайда кылып алышат. (Жардыруу операциялары бирер исламий аталыштагы уюм аркылуу ишке ашырылдыбы же түздөн-түз өздөрү уюштуруштубу, айырмасы жок. Маанилүүсү, алардын ыктыяры жана демөөрчүлүгү негизинде ишке ашырылат.) Бүтүндөй бир мамлекеттер ызы-чууга түшүп, куфр дүйнөсүнөн жардам сурап, алардын аскерий базалары менен оӊой эле кирип алышына мүмкүнчүлүк беришет.

Ушулардын баары, жогорудагы акыретин ушул дүйнө кызыкчылыктарына алмаштырып жиберүүгө даяр турган диний жетекчилер жардамында кылынат. Ал тургай, бул бузук жана коркок диний жетекчилер жамааты болбогондо эле, бийлик өкүлдөрү өз иш-аракетинде мусулмандарга каршы зулум кылууда өтө кыйын абалда калышат болчу. Куфр дүйнөсү болсо, бизди колония кылып, өлкөлөрүбүздөн ташып кетип жатышкан пайдаларынан аскерий техникаларды жасап, бейкүнөө мусулмандарды кыргын кыла алышпайт эле.

Алар ызы-чуу кылып жаткан террористтер кооптуубу же бул чыккынчы аалымдарбы. Себеби, дүйнөдө кылынып жаткан бардык кылмыштар, саясатчы, аалым жана уламалардын жок эле дегенде сүкүт сактап туруу менен ыраазылык билдирүүсү менен ишке ашырылат. Зулумдарга тили менен, колу менен түздөн-түз жардам берүү болсо, Аллах сактасын эки дүйнөдө теӊ өтө жаман натыйжага алып барат.

Алар ушул аракеттерин актоо үчүн ар түрдүү шылтоолорду айтышы мүмкүн. Ал тургай, алар актануу үчүн куфр “террорист” же “экстремист” тамгасын басып берген мусулмандардын ишмердүүлүктөрүндөгү шариъй абалдарды ачып беришкен болушат. Бирок, алар бул ижтихадий аракеттерин куфрдун кызыкчылыгы жана басымы негизинде кылып жатышат. Болбосо, жогорудагы сыяктуу конференциялар ким тарабынан уюштурулуп жатканынын өзү анда кимдердин кызыкчылыгы корголушу мүмкүн экендигин ачык көрсөтүп турат.

Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин атынан, аалым-уламаларыбызды жана диний жетекчи деп таанылган мусулмандарды куфрдун айла-амалдарынан этият болууга чакырабыз. Куфр дүйнөсү Кыргызстанда да чөйрөнү ого бетер бузуп жиберүү үчүн өздөрүнүн куфр сакафаттарын таркатуу менен бир катарда, Исламды да өздөрүнө ылайыктуу кылып, бузуп таркатууга катуу аракет кыла баштады. Алардын бул ыпылас долбоорлорду силер аркылуу ишке ашыруудан башка чарасы жок. Алардын силерди бир буюм катары пайдаланышына жол бербегиле. Бир аз сабыр кылгыла. Инша Аллах, Аллахтын нусраты жакын.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here