Капитализм пикири алып келген кырсыктар

509
0

Капитализм пикири алып келген кырсыктар

0hizb-340x264Капитализм акыйдасы он сегизинчи кылымдын аягында, Европадагы чиркөө менен идеолог философтор ортосундагы күрөштүн натыйжасында пайда болду. Ошол кезден баштап Европанын көп мамлекеттери аны кабыл алды. Козголоңдордон кийин Кошмо Штатар да ушул мамлекеттер катарына кошулду. Учурда Кошмо Штаттар бул пикирдин негизги демөөрчүсү болуп эсептелет. Бул пикирге дүйнө бойлоп, айрыкча коммунизм пикири кулагандан кийин, жан үрөп үгүттөп жатышат. Дүйнөнүн ар бир четинде, чыгыштан батышка чейин капитализмдин чептери бар. Ошону менен бирге бул пикир оӊдоо мүмкүн болбой турган даражада кыӊыр-кыйшык. Ал өтө көптөгөн адамдык кырсыктарга себеп болду:

Биринчиден: Капитализмдин негизги фикраты – динди мамлекеттен ажыратуучу илманийлик. Бул фикрат адам баалуулугун жерге уруп, аны фитрий болгон тадайюн гарыйзасынан ажыратат. Акыйкатта болсо, инсаний гарыйзалар ар кандай абалда кудуреттүү холик-жаратуучу бар экендигин тастыктайт. Ошондуктан да адам баласы кылымдар бою капитализмдин илманий акыйдасына тескери көрүнүштө Холикке убудият-кулдукту чагылдыра турган бир нече иштерди кылып келди. Капитализмдин  илманий акыйдасында Холиктин бар экендиги же жоктугу бирдей. Эми эгерде Холик бар болсо Анын бийликке, же мамлекеттеги ролго, же башкарууга, же адамдардын иштерине эч бир тиешеси жок деп таалим берет. Капитализмдин батыл, бузуку пикири Холик тууралуу ушундай сөз кылат, анын дааба кылышынча Холик Субханахунун Өз махлуктарынын жашоосун тартипке салууга эч бир тиешеси жок!

أَلَا سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ

«Эсиӊерде болсун, алар эң жаман өкүм чыгарышат»  [16:59]

Экинчиден: саясий жактан капитализм башкаруу түзүмү демократиялык  көп партиялуулукка катуу үгүттөйт. Бул партиялар Аллахтын шариятын бир четке сүрүп коюп, өздөрү мыйзам чыгарышат. Мунун натыйжасында алар адамдар үстүнөн өкүмдарлык кылуу үчүн мыйзамдарды өздөрүнүн пайдасына чыгарышат. Бул нерсе адамдар ортосундагы күрөшкө себеп болот.

Дагы бир акыйкатты да айтып өтүү керек, капитализм саясаты макиавеллизм көз карашы негизине курулат. Бул көз караш жеке саясий максаттарга жетишүү үчүн пайдаланылуучу ар кандай ыкмаларды актайт. Бул шайтаний негиз биз күбө болуп жаткан саясий оюндарга көздөй жетелейт, анын натыйжасында үлкөн кырсыктар, өтө көп төмөндүктөр пайда болууда. Бул кырсык жана төмөндүктөр паракордук, уруучулук, кыргын, жалган жана шерменделүү жаӊжалдар аркылуу жүзөгө чыгууда. Бул шерменделүү жаңжалдар, ал тургай алардын парламенттеринде да болууда. Мисалы, кудум ушундай жаңжал Танзания парламентиндеги конституциялык комиссия мүчөлөрү ортосунда жүз берди. Бул комиссиянын курамында Аша Бакар айым жана башкалар бар. Буларга өз ара күрөштөр, кескиндиктер жана массалык кыргындар кошумча болууда. Мисалы, 2001-жылы январда Пемба аралында кудум ушундай кыргындар жүз берди. 2007-2008-жылдары болсо Кенияда уруулар ортосунда кыргындар жүз берди. Булардын бардыгы адамдар жана мал-дүйнөнүн набыт болушуна, коомдор ортосундагы күрөшкө себеп болууда. Капитализмде саясат алар дааба кылып жаткандай жарандарга кызмат кылуу мекемеси эмес, тескерисинче баюунун жолу болуп эсептелет.

Бул абал, ал тургай бул пикирдин демөөрчүсү болуп эсептелген Америка сыяктуу мамлекеттерде да ачык көрүнүп турат. Мисалы, Америка конгресси мүчөлөрүнүн жарымынан көбүрөөгүнүн миллион доллардан ашыгыраак байлыгы бар, конгресстин 200 мүчөсү болсо миллиардерлер.

Бул акыйкат биздин жергиликтүү саясатчыларыбызда да өтө анык көрүнүп турат. Себеби, алардын өздөрү, үй-бүлөсү жана тааныш-билиштери мамлекет байлыктарын элестетип болбой турган даражада талап-тоношууда. Ошол эле учурда карапайым жарандар жакырчылыктан кыйналып жатышат. Бул да жетишпегендей, саясатчылар жанга бата турган көрүнүштө мыйзамды өзгөртүшүүдө, кен-байлыктар жана электр энергия сыяктуу үлкөн кирешелерге ээ болуу үчүн ушундай кылышууда.

Үчүнчүдөн: мыйзамчылык тармагында болсо илманийлик адамзаттын табиятына жат болгон иштерди дагы да күчөтүү үчүн келди. Бул жийиркеничтүү иштер элитага элдин атынан мыйзамдарды чыгаруу укугун берип коюу натыйжасында жүз берүүдө. Акыйкатта болсо, алар Жаратуучунун мыйзамдарын кабыл алышы жана колдонушу керек болчу. Демократиялык парламенттер өздөрүн элдин өкүлдөрүбүз деп дааба кылышат, калкты башкаруу үчүн илахий укукка ээ экендигин дааба кылган орто кылымдардагы диний өкмөттөр жана королдор сыяктуу тарыхтагы режимдер акимдеринен бүтүндөй башкача экендиктери тууралуу жар салышат. Бирок акыйкат мындай, азыркы парламенттер диний бийликти дааба кылган ошол тарыхтагыларга өтө окшош. Себеби, парламенттерге мыйзамдуу кол тийгистиктердин бардык түрлөрү берип коюлган, кала берсе алар жалпы эл куру калган кызыкчылыктарга да ээ. Ошондуктан да парламенттер чыгарган мыйзамдар кыйроого жана дамзаттын табиятына тескери келген кырсыктарга себеп болууда. Себеби, бул мыйзамдар кемчиликтүү,алсыз, тарапкеч адамдын акылынан келип чыгууда. Бул кемчиликтүү адам башкалардын негизги муктаждыктарын – Өз махлукун жакшы биле турган – Холик сыяктуу толук биле албайт. Ошондуктан, көпчүлүк калк бул мыйзамдарга ишенбейт, саясатчыларга болгон ишенимин да жоготкон. Бул болсо, мыйзамдын колдонушун адамдар өз колуна алышына алып келди. Буга Танзания жана башка мамлекеттердеги жарандардын полиция бөлүмдөрүнө чабуул кылганын мисал кылып келтирүүгө болот.

Төртүнчүдөн: экономикалык тармакта болсо капитализм пикири адамдын кыйроосуна себеп болду. Бул абал капитализмдин байлыкка жана кызыкчылыктарга – кандай жол менен болбосун, натыйжасы кандай болбосун жана кандай төлөм менен болбосун – ээ болууга чакыруунун натыйжасы. Капитализмде иштердин өлчөөсү пайдага негизделет. Мында илахий мыйзамга көз жумулат. Мунун натыйжасы бир катар проблемалар пайда болот. Капитализмдин мындагы урааны ачык-айкын, ал «туруктуу дос болбойт, бирок туруктуу кызыкчылыктар болот» деген ураан. Бул көз караш алардын экономикадагы жана турмуштун башка тармактарындагы негизги далилдери. Мындан тышкары, капитализм адамдын байлык топтошун бактылуулук жана ийгилик деп билет. Бул шайтаний пикирлер «улуттар байлыгы» жана «ахлакий баалуулуктар теориясы» китебинин автору Адам Смит сыяктуу белгилүү философтордун пикирлери. Капитализм пикири Дарвиндин «жашап калуу укугу эң күчтүүнүкү» жана «күч – бул акы-укук» деген түшүнүгүн да өз теориясы кылып алат. Бул адамдыкка тескери пикирлер натыйжасында капиталисттик мамлекеттер жаш мамлекеттерди көптөгөн кылымдар бою колония кылып келди. Бул колонизаторлор «терроризмге каршы күрөш» деген шылтоо менен Ислам жана мусулмандарга каршы согуш ачышты, өздөрүнүн компаниялары аркылуу жана өлкөлөрүбүздөгү куурчак акимдер жардамында өлкөлөрүбүздүн байлыктарын талап-тоноп ташып кетишти. Ошол эле учурда, бул алдыӊкы мамлекеттердин жарандары аягы көрүнбөй жаткан проблемалардан азап тартышууда. Бул проблемалар жакырчылыктардан тартып ден соолуктун начарлашы, жырткычтык жашоо образы жана башка проблемалар. Бул абал социалдык, экономикалык адилетсиздиктин ого бетер күчөшүнө алып барууда, жумушсуздук деӊгээлинин өсүшүнө жардам берүүдө. Эмгек уюмунун акыркы отчёту жумушсуздук жана социалдык кооп-коркунучтар алдыдагы беш жылдын ичинде дагы да өсүшүнөн эскертип, мунун себеби экономикалык өсүүнүн акырындыгы, теӊсиздик жана күрөштөрдүн ого бетер күчөшү экенин көрсөтүп өттү.

Танзанияда жумушсуздардын саны 6 миллионго жетет, калктын өтө көпчүлүк бөлүгүнүн күнүмдүк кирешеси болсо араӊ эле бир долларга жетет. Кенияда болсо ВВСнин 2013-жылы июнда жарыя кылынган «Сема Кения» деген программасына ылайык, Кенияда жарыя кылынып жаткан бир жумушчу орунга университетти аяктаган 500 адам талапкер болууда. Капитализм байлыктарды бардык жарандарга бөлүштүрүүнү максат кылбайт, тескерисинче, байлыктын бир ууч ач көз элита тарабынан казына жана монополия кылып алынышын кепилдейт. Бул ач көз элита өз кезегиде калкты кызматкерлер катары өзүнө кул кылып алат. Мисалы, Америка экономикасына 80 америкалык үй-бүлө ээлик кылат. Дүйнөлүк экономикага болсо дүйнө калкынын болгону 5 %ы гана ээлик кылат. «Мүлк эркиндиги» деген шайтаний түшүнүктү да унутпайлы, бул түшүнүк элдин мүлкүн менчиктештирүүгө алып келди. Чет мамлекеттердин бүт дүйнөгө чаӊ салган компанияларын коргоо үчүн паракордук жана коррупция кылмыштарында акимдер жана жооптуулар шерик болууда.

Эл аралык айкындуулук уюмунун 2014-жылдагы отчётуна ылайык, Танзания Африка континентиндеги паракордук, элдик мүлктү уурдоо жана алдамчылык боюнча биринчи орунду ээлеген болсо, Кения да бул тизмеде бар.

Бешинчиден: социалдык тармакта бул пикир өзүнүн «эркиндик»ке чакырышы менен башаламандыкка, башка төмөндүктөргө, ошону менен бир катарда бузуктук, мас кылуучу ичимдиктерге баш оту менен кирип кетүү, бир жыныстагылардын бири-бирине үйлөнүшү сыяктуу төмөндүктөргө себепкер болду. Бул төмөндүктөрдү Батыш мамлекеттеринде көрүп турабыз. Бул мамлекеттер мындай иштерди макулдашат, макулдап эле тим болбостон үчүнчү дүйнө мамлекеттери деп аталып жаткан мамлекетчелерди бул төмөндүктөрдө сокурларча ээрчүүгө мажбурлайт. Буларга үй-бүлөлөрдүн бузулушу, никесиз төрөлүп жаткан балдардын көбөйүшү, дүйнөнүн бардык жерлеринде кылынып жаткан башка ахлаксыз иштер келип кошулууда. Наркотикалык заттарга баш оту менен кирип кетүүгө (наркоманияга) каршы күрөш улуттук кампаниясы (NACADA)нын 2011-жылдагы отчётуна ылайык, Кенияда мас кылуучу ичимдиктерге баш оту менен кирип кетүү коомдо жаман акыбеттерге алып барууда жана мас кылуучу ичимдиктерге берилип кеткендердин жарымын 10-19 жаштагы жаштар түзөт.

Алтынчыдан: илимий жана технологиялык өнүгүүгө келсек, Батыш мамлекеттери бул тармакта өздөрүнүн ийгиликке жетикшендиги менен мактанат. Бирок чыныгы абал мындай, бул өнүгүү коомдо ушундай бир коркунучтуу ыпыластыкка алып келди дейсиӊ, аны дааба кылынып жаткан ошол «ийгилик» менен жашырууга болбойт. Мисалы, америкалык жазуучу Олан Блом өзүнүн «америкалыктын жабык акылы» деген китебинде ар бир үч секунда сайын бир зордуктоо жүз берип жатканын, ар бир 6 секундда бир адам өлтүрүлүп жатканын жана башкаларды баса белгилейт. Американын мурдагы  президенти бир кездерде: «Адам баласы айга чыкты, бирок, биз жер жүзүн ыпыластыкка толтуруп жибердик. Биз тынчтык орнотуу ниетидебиз, бирок, бул ниет согуш менен аяктап жатат. Ошондуктан, атомдук тармакта ийгиликтүү изилдөөлөргө күбө болгон муун адамзат кыйрандыга айланткан нерсени оӊдоп түзөөгө кайрадан киришүүсү керек», – деген эле.

Англияда өткөрүлгөн бир изилдөөдө болсо 18-34 жаштагы аялдардын 43 %ы коомдук жайларда эки жыныс ортосундагы кемсинтүүдөн зыян тартышкандыгы аныкталган. Изилдөөлөрдү өткөргөн психологиялык «Лансет» журналы болсо 2000-2011-жылдардагы жумушсуздук деӊгээли 45000 адамдын өлүмүнө себеп болгонун баса белгиледи.

Жетинчиден: негизги социалдык кызматтар тууралуу айта турган болсок, капитализм өз жарандарына мындай кызматтарды керектүү деӊгээлде көрсөтүү жаатында аянычтуу ийгиликсиздикке дуушар болду. Себеби, негизги социалдык кызматтарды мамлекеттин мойнундагы милдет катары көрсөтүүнүн ордуна, бул кызматтар мамлекет тарабынан кылынып жаткан жакшылык катары көрсөтүлө турган болду. Көп учурда болсо адамдар бул кызматтарды көрсөтүүгө салым кошууга мажбур кылынууда. Мисалы, Кения билим берүү сектору кооптуу кризиске дуушар болууда. Бул сектордо мугалимдер иш таштап жатышат. Бул иш таштоонун эң жаманы 2015-жыл, 4-октябрда аяктады. Танзания да ушул сыяктуу, кээде андан да жаманыраак проблемаларга дуушар болууда. Мисалы, башталгыч мектептерде бир класстагы окуучулардын саны 200гө жетүүдө. Башталгыч мектептердеги окуучулардын 39,09 %ы гана экинчи даражалуу (орто) мектептерге өтүп жатат.

Саламаттыкты сактоо, үй-жай менен камсыздоо сыяктуу башка кызматтар болсо адам ыйлагыдай абалда. Ошол эле учурда танзаниялыктардын 15 %ы гана электр энергия кызматтарынан пайдаланат, 54 %ы гана таза суу пайдаланат, болгону 13 %ы гана канализациялардан пайдалана алат.

Эй мусулмандар, эй адамдар!

Булар капитализм идеологиясы жана анын бузуку, ыпылас пикирлери себепкер болгон кырсыктар жана оор абалдардын бир гана тамчысы. Бүгүн бул бузук идеологияны бүт дүйнө бойлоп «өнүгүү» деген чүмбөт астында жаюуга аракет кылышууда. Аны адамзат сокурдук менен ээрчий турган бир үлгүгө айландырууга аракет кылып жатышат. Мусулмандар жана бүтүндөй адамзат ойгонуп, коомдордо терең тамыр жайган бул проблемалар жана кырсыктар артында турган чыныгы себепти түшүнүп жетиши керек. Мунун түшүнүп жетип капитализмди четке кагышы жана Ислам менен анын башкаруусун орнотушу керек. Ислам бүтүндөй адамзат үчүн тынчтык, адилеттүүлүк жана кадыржамдыкты кепилдейт.

 

Хизб ут-Тахрир                                                                                              8-сафар, 1437-х.

Чыгыш Африка                                                                                          20-ноябрь, 2015-м

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here