Керри: Биз Сирияда режим өзгөрүшүн эмес, Асаддын кетишин гана каалайбыз

405
0

НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жыйынынан кийин сөз сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия боюнча билдирүүлөрдү берди. Бул тууралуу Нью-Йорк Таймс гезити кабар таркатты.

Жон Керри өзүнүн билдирүүсүндө АКШ өкмөтү Сирияда “режим өзгөрүшүн” таптакыр каалабай тургандыгын, тескерисинче Сирия президенти Башар Асадды өзгөртүүнү гана каалай тургандыгын билдирди. Гезиттин жазышынча, Керри Башар Асад Сирияны оӊдой алышы мүмкүн эместигин айтып, ошол себептен улам президент Башар Асадды өзгөртүүнү каалай тургандыгын билдирген.

Бирок Керринин баса белгилешинче, Асаддын азыр кетиши шарт эмес. Ал тургай, Асаддын кызматтан кетишин күтүп отурбастан Дамашк өкмөтү менен оппозиция ИШИМге каршы кызматташуусу да мүмкүн. Керри бул тууралуу Грецияда уюштурулган сүйлөшүүлөр  учурунда айтып өттү.

Асад отставкага кетпей туруп, Батыш тарабынан колдоп-кубатталган оппозиция ИШИМге каршы өкмөт менен кызматташуусу же кызматташпастыгы жөнүндө берилген суроого Керри “Асаддын келечеги анык болгонго чейин кызматтан качан кетиши жөнүндө бир нерсе деп айтуу кыйын” деп жооп берди.

Туркистон:

Демек, АКШ Асадды каалаган убакта алып коюшу мүмкүн. Проблема анын ордун ээлеши мүмкүн болгон о.э. АКШ үчүн ыӊгайлуу оппозициялык күч табылбай жаткандыгында.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here