Таъзия

261
0

مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

«Момундар арасында Аллахка берген өз убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту (т.а. шейит болду), айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок»

Хизб ут-Тахрирдин амири жана амир бөлүмүнүн мүчөлөрү, мазолим деваны, Борбордук басма сөз бөлүмү о.э. бүтүндөй Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү Ислам Үммөтүнө амир бөлүмүнүн мүчөсү Абдулходий Фаур Хасан Фаурдун (Абу Махмуддун) дүйнөдөн кайткандыгын тереӊ кайгыруу менен кабарлайт. Абу Махмуд хижрий 1437-жылы улуу сафар айынын 22-күнү, миладий 2015-жыл, 4-декабрь күнү дүйнөдөн кайтты.

Шейх Абу Махмуд Хизб ут-Тахрир түзүлгөндөн баштап Хизбдин активдүү мүчөсү болуп келди. Маркум эки шейх Такийюддин Набахоний (Абу Иброхим) менен Абдулкадим Заллум (Абу Юсуф) рохимахуллахтарга о.э. Хизбдин бүгүнкү амирине шерик болуп, аларга жардамчы болду. Ал киши рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий турмушту кайрадан баштоо үчун өз ишинде олуттуу аракет кылчу. Халифалык таӊы атышын көрүү менен, Аллахтын уруксаты менен, жакшылык жана соопко жетишүүнү өтө каалайт эле. Бирок, Аллах Субханаху шейхти андан да улуу соопко, улуу неъматка жеткирүүнү о.э.

فِي مَقْعَدِ صِدْقٍ عِنْدَ مَلِيكٍ مُقْتَدِرٍ

«Кудуреттүү Падыша алдындагы ыраазы болунган орунда»         [54:55]

болушун каалап, Өз рахматына чакырды.

Шейх рохимахуллах Аллах Субханахуга болгон ыйманында калыс, Расулуллах Aды ээрчүүдө ишенимдүү эле. Бирок, биз:

صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

«Аллахка берген өз убадасында бекем турган, айрымдары өз убадасына турушкан (т.а. шейит болгон), айрымдары болсо ынтызар болуп (убадаларын) өзгөртпөгөн» адамдардын эч кимисин күнөөдөн таза деп Аллахка дааба кылбайбыз.

Сиз Абу Махмудду Аллах рахматына алсын, биз сизден айрылганыбызга кайгыдабыз. Бирок, Аллах Субханаху Өзүнүн китебинде:

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

«Бирер мусийбат келгенде: «Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучуларбыз»                                                                                              [2:156]

деп айтууга буйругандай, «инна лиллахи ва инна илайхи рожиун» деп айтуудан башка айлабыз жок.

 

Иниӊиз Ато ибн Халил     жана бүтүндөй Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү

жана бүтүндөй Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү                 22-сафар, 1437-х.                                

 4-декабрь, 2015-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here