Таъзия

316
0

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

«Бирер мусийбат келгенде: «Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучуларбыз», деп айтышат»

“Turkiston.net” редакциясы бүтүндөй Ислам үммөтүнө, ошону менен бир катарда Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүнө, айрыкча Хизб ут-Тахрирдин амири улуу аалым Абу Роштага (Аллах ал кишини өз коргоосунда сактасын) устаз Абдулходий Фаур Хасан Фаурдун (Абу Махмуддун) дүйнөдөн кайткандыгы себептүү тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.

Устаз Абу Махмуд 4-декабрь күнү Ливандын борбору Бейрутта жайгашкан “Макосид” ооруканасында хиррургиялык операция учурунда көз жумду.

Шейх Абу Махмуд 1953-жылы Хизб ут-Тахрир түзүлгөн күндөн бери Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий турмушту кайрадан баштоо үчүн күнү-түнү тыным албастан аракет кылган белгилүү уламалардын бири болчу. Анын эң чоӊ арзуусу Халифалык көлөкөсүндө Аллахтын шарияты колдонулушун көрүү болчу. Ал өмүрүнүн негизги бөлүгүн Хизб ут-Тахрирдин негиздөөчүсү шейх Такийюддин Набахоний жана Хизбдин экинчи амири Абдулкадим Заллум (Аллах аларды Өз рахматына алсын) о.э. Хизбдин азыркы амири Ато ибн Халил Абу Рошта (Аллах ал кишини Өз коргоосу астында сактасын) менен шериктикте өткөрдү.

Аллах шейхтин үй-бүлөсүнө, боордошторуна, айрыкча Хизб ут-Тахрирдин амири Ато ибн Халил Абу Роштага (Аллах ал кишини Өз коргоосу астында сактасын) сабыр берсин.

Шейх Абу Махмудду Аллах рахматына алсын, ал кишинин жаткан жерин жайлуу кылып, Өзүнүн кеӊ бейишине киргизсин о.э. пайгамбарлар, сиддикиндер, шейиттер жана солихтерге шерик кылсын, алар менен шерик болуу кандай гана чоӊ бакыт!

Эй шейхибиз! Сизден ажыраганыбыз үчүн дилибиз кайгыга, көздөрүбүз болсо жашка толду. Бирок, Роббибиз ыраазы боло турган:

إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعونَ

«Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучуларбыз», – деген сөздү айткандан башка чарабыз жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here