Атамбаев диний кырдаалга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

242
0

Президент Алмазбек Атамбаев ишемби күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевди кабыл алып, өлкө аймагындагы диний кырдаалга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиришинче, Атамбаев дүйнөдө жүз берип жаткан кырдаалды эсепке алган абалда терс натыйжалардын алдын алуу жана коркунучтарды жокко чыгаруу боюнча өз убагында чараларды кабыл алуу ыӊгайлуу болушу үчүн мамлекеттеги диний кырдаалдын үстүнөн туруктуу көзөмөлдү дагы да күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Молдалиевге тийиштүү мекемелердин радикалдашуунун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине мониторингди күчөтүп, убагында кабарлап туруу тапшырылды.

Туркистон: 

Мамлекет башчылары тарабынан чыгарылган буйруктар же мыйзам жана токтомдордун бардыгы жарандар үчун өтө маанилүү.

Көӊүл бурган болсоӊуз, Бишкек шаарындагы Ош базарынын алдында милиция кызматкерлери өздөрү шектүү деп билген адамдардын паспортторун текшере башташты. Алар (орган кызматкерлери) 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин, ушул өкмөттүн жашыруун буйругу менен, тазалоо операцияларын өткөрүшүп, миңдеген өзбек улутундагы мусулмандарды ар тараптуу тоноп жиберишкен эле. Алардын каракчылык иш кылуусу натыйжасында, өзбектер Россияга жана Өзбекстанга качып кетүүгө мажбур болушкан. Мунун натыйжасында өзбек режими миңдеген улутчулдукта айыпталган агрессивдүү адамдарды – Кыргызстанга басым өткөрүү максатында – бүгүнкү күнгө чейин кармап турат.

Россия өз аймагында аскерий абал жарыя кылуунун астында турат. Путин мусулмандарга каршы согушуп жатат. Аны түшүнүүгө болот, ал өтө оор абалда калды. Путиндин согушту күчөтүүдөн жана ичкериде аскерий көзөмөл орнотуудан башка чарасы жок. Кыргызстан – жок эле дегенде Казакстан сыяктуу – өз жарандарына зулум кылуудан тыйылып турушу керек болчу. Кыргыз бийлиги Россиянын изи менен баруу өтө кооптуу экендигин түшүнүп жетиши керек. Себеби, Кыргызстандагы исламий чөйрө Россияныкынан бүтүндөй айырмаланат.

Коррупциялашкан күч түзүмдөрү болсо, жеке кызыкчылыктарын мамлекет кызыкчылыгынан 100 эсе жогору коюшат. Натыйжада, элге болгон зулум да ошончо эсеге көбөйүп барат. Мусулмандарды чиновниктердин колуна атайылап тапшырып берүү болсо ансыз деле саясий, экономикалык жана социалдык жактан оор абалыбызды ого бетер начарлатат. Кыргызстан Россия эмес, ал керек болсо мамлекетте аскерий абалды да эптей албайт. Өкмөттүн Россияга ишенип өз жарандарынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн мусулмандар менен болгон мамилесин курчутуп алышы болсо Кыргызстандын кызыкчылыгына тескери келет. Россия ушул күндөрдө өзүн-өзү эптей албай калды. Аскерий абалы болсо аны ого бетер алдан тайдырат. Ал Кыргызстан ичинде да аскерий режимди кармап бере албайт.

Атамбаев өз калкынын атасы болууга аракет кылышы керек болчу. Жарандары Исламды каалап жатышкан болсо, ага каршы жүргүзүлүп жаткан ар бир иш-аракет аракет кылуучунун кадыр-баркына зыян жеткирет. Чыныгы кадыр-баркка болсо күч менен ээ болуу мүмкүн эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here