Кыргызстандын күч түзүмдөрү мыйзамсыз уурдап кетүү жолуна өтүштүбү?

194
0

Кыргызстан өкмөтү жана күч түзүмдөрү мусулмандарды камакка алуу үчүн жалган айыптоо, доомат жана жалааларды пайдаланып келе жатышкан болсо, эми мыйзамсыз уурдап кетүү жолуна өтүшкөн окшойт.

Нарын областтык ички иштер бөлүмүнүн кзыматкерлери тарабынан 2014-жылдын 22-май күнү Нарын шаарынын Ленин көчөсү 57 үй, 30 батиринде жашаган Бакыт Жуматаевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн болчу. Тийиштүү санкциясыз жана күбөлөрсүз өткөрүлгөн тинтүүнүн натыйжасында болсо экстремисттик материал деп күмөн кылынган 1 даана китеп, 14 даана диск жана 12 баракча табылган.

 Алынган материалдардын ичинен «Хадисы» аттуу орус-араб тилинде жазылган 1 даана китеп жана 41 барактан турган 1 дептер менен 1 даана баракча 11.06.2011-жылдагы №02-04-616 сандуу КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана ушул эле мамлекеттик органдын 18.08.2014-жылдагы комиссиялык эксперттик тобунун корутундуларына ылайык КРнын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна таандык экендиги аныкталган. Ошондон кийин 2014-жылдын ноябрь айында Нарын шаардык соту Бакыт Жуматаевди 4 жылга эркинен ажыраткан.

 Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Бакыт Жуматаевди жатак абактан түн ичинде белгисиз адамдар башына мүшөк кийгизип алып кеткен боюнча дайынсыз болгондугуна байланыштуу жакындары бүгүн, 4-декабрда маалымат жыйын өткөрүшмөк. Бирок, жыйын тууралуу маалымат берилгенден кийин аларга айрым органдар тарабынан коркутуулар болуп, жакындары жыйынды өткөрүүдөн баш тартты.

 Бул тууралуу Бакыт Жуматаевдин жубайы Айжан Мусаева “Turmush” сайтына билдирди.

 “Бул жактан мага коркутуулар болуп жатат. Органдардан үйгө чейин келип жатышты. Жолдошумдун туугандарына да маалымат жыйынын өткөрбөгүлө деген коркутуулар болуптур. Азырынча жыйынды токтотуп турабыз, себеби биз коркуп жатабыз. Болгону жолдошум кайда экендигин, кайда алып кетишкенин билгибиз келген. Бизге эч ким маалымат бербей жатат”, – деди Айжан Мусаева.

 Мусаеванын айтымында, эки күн мурда алардын үйү дагы кайрадан тинтүүгө алынган.

Туркистон:

2013-жылдын сентябрь айында УКМК тарабынан кандайдыр”юпи гейт” уюму тарабынан Нарын дарыясын атайын ууландыруу операциясы уюштурулуп жатканы жөнүндө билдирүүлөр таркатылды. Ал уюмга мүчө катары Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү болгон Бакыт Жуматаевдин аты да аталган эле.

Бакыт Жуматаев да 24-сентябрь күнү “АКИ press” аркылуу маалымат берип, “юпи гейт”ке жана башка өкмөттүк же оппозициялык күчтөрдүн кызыкчылыктарына жана саясий иштерине тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Ал Эрлан Өмүралиев деген адам тарабынан “юпи гейт” планы туурасындагы маалыматтар атайын жеткирилгени жөнүндө айтып берген эле. Жуматаев алардын бул жийиркеничтүү планы арам экендигин жана мусулман адам бирөөлөрдү ууландырышы мүмкүн эместигин айтуу менен аларды бул иштен кайтарган.

Ошол кездеги бузуку күчтөр, (УКМК жана оппозиция) Жуматаевди пайдалануу менен Хизбди арам оюнга аралаштырмакчы болушкан. Алар Нарындын элин массалык түрдө ууландыруу операциясында  Хизб – ут – Тахрирди өздөрүнө шерик кылып алмакчы болушкан. Ооба, алар Кумтөрдү ээлеп алган“Centerra Gold” компаниясынын атынан бүтүндөй Нарын калкын ууландырмакчы болушкан. Жуматаев бул адамзатка каршы уюштурулушу күтүлүп турган кылмыштын акыйкатын ачып жиберди.

Бир нече жылдар өтүшүнө карабастан, аны жогорудагы бузуку күчтөр кечиришпеди жана камакка алышты.Эрлан Өмүралиев болсо, бир топ убакыт чет өлкөдө жүрүп кайтып келди. УКМК аны кечирди жана өз коргоосуна алды. Бирок, Нарын элин массалык түрдө ууландыруунун алдын алып калган Б. Жуматаевди кечиришпеди. Аны 2014-жылдын май айында дагы кайрадан камакка алышты.

Жуматаев Нарынды ууландыруу кампаниясын ашкере кылышы менен азыркы кыргыз бийлигинин планын жокко чыгарган окшойт деп ойлонуп каласын. Себеби, өкмөттөр алмашуусу менен саясий чөйрө да, жетекчи топ да өз ордунда калып жатат. Антпесе, Жуматаевди жок эле дегенде “Кыргыз эл баатыры” деп жарыя кылышы керек болчу. Эгерде Бакыт Жуматаев калыстык кылбаганда, алар жийиркеничтүү планын ишке ашырышат болчу.

Оппозициянын максаты, ушул жийиркеничтүү ыкма менен бийликти ээлеп алуу болгон болсо, УКМК бул ишке Хизб ут – Тахрирди аралаштырып алып, аны террорист деп айыптамакчы болгон эле. Бирок, эки абалда теӊ Нарын калкы зыян көрөт болчу. Бул күчтөрдүн бийликке жетишүү же аны колунда кармап калуу үчүн жүрүп жаткан күрөш ыкмалары кандай гана жийиркеничтүү.

Эми арадан бир нече жылдар өтүп бардык иш унутулуп калганда, Жуматаевди дагы кайрадан жазалай башташты. Дүйнөнүн өлчөөлөрү ушунчалык бузулуп кетти.

Бирок ошого карабастан, Хизб жигиттери элдин кызыкчылыгын коргоону уланта берет. Алар өз аракеттеринин натыйжасын акырет жашоосуна байлап, сыйлыкты Аллахтын ыраазылыгынан издеп, Аллахтан үмүттөнүшөт.

Боордошубуз Бакыт Жуматаевден жана ал сыяктуу жаманатты кылуучунун жаманаттысы себептүү камактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан боордошторубузга о.э. алардын карамагында болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө Аллах чырайлуу сабыр жана үлкөн соопторду берсин. Алар даъват жүгүн көтөрүп чыгышканы үчүн о.э. адамдарга зулум алып келип жаткан кызыкчылык негизине курулган куфр өлчөөлөрүн адал-арам негизиндеги исламий өлчөөлөргө алмаштырууга чакырганы үчүн зулум көрүп жатышат.

 Пайгамбарыбыз Мухаммад САВга, ал кишинин үй-бүлөсүнө, асхабдарына жана кыямат күнүнө чейин жаманатты кылуучунун жаманттысынан коркпой, ал кишинин жолу менен жүрүүгө аракет кылып жашап жаткан даъватчы момун мусулман боордоштоурубузга Аллахтын саламы жана рахматы болсун, Амиин. Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва баракатух!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here