Кыргызстан УКМК кызматкертлери тарабынан Бишкекте мусулмандарга каршы иш башталды. Иштин башынан баштап эже-карындаштарыбызга зулум кылышты

312
0

Fасebоok социалдык тармагында таркатылган видеоматериалдан белгилүү болгондой,1-декабрь күнү болжол менен эрте мененки саат 6:30да Асаналиев Мирбек жана Керимбеков Алтынбектердин үйүнө УКМК кызматкертлери бастырып киришкен.

Боордошторубуздун аялдары УКМК кызматкерлери тарабынан өздөрүнө болгон зулумдар тууралуу калкка кайрылып, болуп өткөн окуя жөнүндө айтып беришти. УКМК кызматкертлери муслима карындаштарыбыздыны экөөсү теӊ кошбойлуу экендигине карабастан, колундагы жаш балдары менен бирге эрте таӊдан баштап камап коюшкан. Кечки саат 11лерде болсо ошол колдорундагы жаш балдары менен көчөгө чыгарып жиберишкен. Алардын телефондорун тартып алышып, ал тургай болуп өткөн окуя тууралуу жакындарына кабарлап коюуга да мүмкүнчүлүк беришпеген. Бул тууралуу муслима карындаштарыбыз айтып беришти.

Дүйнө эки бөлүккө – Ислам жана куфр, Акыйкат жана батылга бөлүнүп бара жатат. Бул бөлүнүшүндө куфр дүйнөсү мусулмандарга каршы зулумдарын күндөн-күнгө күчөтүп бара жатат. Мусулмандар арасынан бир топ ыймандуу адамдар чыгып, “мындай болушу туура эмес, Шамда өлтүрүлүп  жаткан жана кырылып жаткан мусулмандар да кудум Франциядагы теракттар натыйжасында өлтүрүлгөн адамдар сыяктуу эел кайгырууга арзый турган адамдар” деп айтышты.

Куфрга бул сыяктуу логикалык пикир жакпады. Куфр түзүмү өз идеологиясын мусулмандарга тыгыштыруу үчүн теңдик, адилеттүүлүккө чакырып, расачылык жана улутчулдукка каршы ураандарды жогору көтөргөнү менен анын чыныгы жүзү өтө жийиркеничтүү болуп, өзү болсо эки жүздүү. Акыркы жылдарда жүз миӊдеген мусулмандар өлтүрүлдү. Бул сыяктуу зулумдар, бул сыяктуу кыргындар качанкыга чейин уланат? Мындан кутулуунун жолу барбы? Ооба бар, куфрду токтотуунун бирден-бир жолу аларга каршы дүйнө мусулмандарынын биригүүсү. О.э. баары биригип “Токто эми” деп айтышы менен бул зулумдар аяктайт.

Мусулмандардын биригүүсүнө жол бербестик үчүн куфр дүйнөсү арабыздагы бир ууч мусулмандарды өзү тарапка тартып алды. Алардын аӊ-сезимдерин өздөрүнүн бузук дүйнө караштары менен уулап, Ислам жана мусулмандарга каршы логикасыз жана ыймансыз күрөшкө аттандырышты.

Логикасыз дегенибиздин себеби, куфр дүйнөсү бүт дүйнөнү өз колунда кармап туруу максатында бар болгон күчтөрү менен мусулмандарды массалык түрдө кырып жаткан бир мезгилде, кыянатчы мусулман топтун өкүлдөрү алар тартып жаткан кичинекей бир зыян үчүн көӊүл айтууга шашылып жатышат.

Бул топтун өкүлдөрү куфрду мазлум деп тан алышууда. Алар мусулманбыз деген абалда залим куфр түзүмүн коргоочуларга айланып бара жатышат. Террорчу мусулмандар “бечара кафирлерди” өлтүрүп жатышкан имиш. Аллахтын динин бийик кылуу максатында даъват кылып жаткан мусулмандар зулум кылуучулар имиш.

 Бул топтун өкүлдөрү болгон мусулмандар куфрдун буйрук жана көрсөтмөлөрү менен өз карындаштары болгон алсыз аялдарды балдары менен кошо кордоп куфр дүйнөсүн ыраазы кылмакчы болуп жатышат. Жогорудагы сыяктуу муслима карындаштарыбызга, балдарыбызга карата болуп жаткан зулумдарды көрүп туруп: “Бул залимдер чындап эле мусулман болду бекен?”-  деп ойлонуп каласыӊ.

Ушундай зулумдар астында калган айрым ыймандуу мусулмандар андан кутулуу үчүн үй-бүлөсүн алып Сирияга качып кетүүгө мажбур болушту. Себеби, бул залимдер күйөөсүнө зулум өткөрүп жатып, анын үй-бүлөсүн да четте калтырышпайт.

 Ислам жана мусулмандарга каршы көптөн бери күрөшүп келе жаткан Өзбекстанда да кудум ушундай башталып, акыры күйөөсүнүн көз алдында аялдарын зордуктоо менен коркутууга чейин жетип барган. Бүгүнкү күнгө келип, Кыргызстан бийлиги жана күч түзүмдөрү “жарандар эмне үчүн өз мекенин таштап, Сирияга качып жатат” деп баш катырып жатышат. Мына силерге бул суроонун жөнөкөй эле жообу – алар силер сыяктуу куфрдун малайларынан о.э. силердин зулумуӊардан качып кетишкен. Эми болсо аларды кылмышкер деп жатасыӊар.

Болуптур, силер айткандай аларды кылмышкерлер дейли, бирок кылмышка каршы башка кылмыш менен күрөшүүнү эмне деп атайбыз. Убактылуу мансаптарыӊарды кыянаттык менен пайдалануу деп атайлыбы. Же өзүӊөр атайылап пайда кылып жаткан кооптуу абалга ылайыкташып, ошол абалдын талабы менен менен мыйзамды монополия кылып алуубу. Эми бул митаамдар, жалганчы, сабатсыз жана көз каранды эксперттери жардамында, тинтүүдө алып кеткен жана өздөрү кошумча кыла турган материалдардан кылмыштык элементтерди ойлоп табышат. Эксперттердин биринде да лицензия жок. Алар дүйнө тан алуучу чыныгы эксперттер эмес.

Мусулмандарга, айрыкча алсыз аялдар жана жаш балдарыбызга каршы өкмөт берген күч-кубатты мыйзамсыз түрдө колдонуу, албетте жогорудан берилген мүмкүнчүлүк жана жашыруун ыйгарым-укук негизинде болот. Болбосо, күч органдары иштеп турган мыйзамдардан коркушат. Жогору жак болсо, бардык күч структураларды бири-бирине байлап, алардын бардыгынын үстүнөн катуу көзөмөл орнотот. Ошондо күч органдарынын бардыгы бир тарапка багыт ала башташат. Муну “авторитардык режим” деп аташат. Анда мыйзамдар диктатура режиминин кызыкчылыгы үчүн бир тараптуу гана иштейт..

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here