Афганистанда Хизб ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү камакка алынды

299
0

Афган улуттук полициясы тарабынан Афганистандын түрдүү региондорунда исламий саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрүн камакка алуу операциялары уюштурулду. Камакка алуу учурунда айрыкча билимдүү жаштарга катуу көӊүл бурулду. Афганистанга тиешелүү жергиликтүү маалымат агенттиктери абалды атайын бузуп көрсөтүп: “Террорчу топторду аракетке келтирүүчү Хизб ут-Тахрир уюмунун жетекчилери кармалды”, – деген негизсиз жалган кабарларды таркатышты.

Афганистанда жашап жаткан жаш боордошторубуздан алынган маалыматтарга ылайык, бул операция Афганистандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулланын Хизб-ут-Тахрир уюмуна каршы берген билдирүүсүнөн кийин өткөрүлгөн. Афган улуттук полициясы операция учурунда кармалган мусулман жаштардын саны тууралуу маалымат бербеди. Хизб ут-Тахрир да жогорудагы окуя тууралуу расмий билдирүү чыгара элек.

Бул окуя боюнча Афганистандын белгилүү маалымат агенттиги “Tolonews” төмөнкүдөй жалган кабарларды таркатты: “Афганистандын Нимроз регионунда экстремисттик идеяларды өз ичине алган жана жаштарды согушкер топторго кошулууга үндөөчү баракча жана китептерди басып чыккан Хиз б ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү кармалды. Афганистан Улуттук коопсуздук бөлүмү тарабынан чыгарылган билдирүүдө айрым далилдер да конфискация кылынгандыгы айтылууда”.

Бул окуя Афганистандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулланын Афганистан министрлер кабинетинин жыйынында берген билдирүүсүнөн кийин жүз берди. Абдулла Абдулла өзүнүн билдирүүсүндө Хизб ут-Тахрир уюмун “террорчу уюм” деп атап, бул уюм активдуу көрүнүштө жаштарды согушкер топторго кошулууга шыктандырып жаткандыгын дааба кылган эле.

Абдулла Абдулла: “Хизб ут-Тахрир уюму академиялык чөйрөлөрдө, айрыкча жаштар арасында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Бул уюм куралдуу топтордун расмий эмес канаты болуп эсептелет. О.э. жаштарды террорчулук ишине катышууга үгүттөйт”, – деп жалаа жапты.

Абдулла Абдулланын айтымында, өкмөт ушул кезге чейин Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн эч кандай ишти кылбаган, бул уюм тууралуу олуттуу текшерүү гана жүргүзгөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here