Атамбаев иш сапар менен Парижге учуп кетти

285
0

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усеновдун билдиришинче, Алмазбек Атамбаев 29-ноябрь күнү иш сапары менен Парижге учуп кетти. Анын айтымында, Атамбаев 30-ноябрда БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча жыйынында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, Атамбаев 13-ноябрь күнү Парижде жүз берген теракт курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коёт.

БУУнун глобалдык климатка арналган кезектеги 21-конференциясы 30-ноябрда башталып, 11-декабрда аяктайт. Алмазбек Атамбаев болсо 1-декабрь күнү Бишкекке кайтып келет.

Климаттын өзгөрүшү проблемасына арналып Парижде болуп өтүүчү БУУнун конференциясына 140 мамлекеттин жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here