Шарият уруксат берген нерсеге , пендеден “уруксат “ суроо шартпы?

255
0

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы дин, каада-салт жана ырасымдарды тартипке салуу комитетинде  жаңы токтом кабыл алынды.

Ал токтомго ылайык, сакал коюуну каалаган жана  шариятка ылайык кийинүүнү каалаган жарандар ушул комитеттин “Уруксатнамасын” алышы шарт болот. Антпесе, мындай документи болбогон адамдар күч кызматкерлери тарабынан кармалып, мажбурий түрдө сакалдары алынат. Абдуллах деген таксисттин айтымында, өкмөттүн бул кысымдары укук бузуу болуп эсептелип,  калкы 90 % мусулмандардан турган өлкөнүн бирер үрп-адатына туура келбейт. Абдуллах да бул ката саясаттын курмандыгына айланды.  Ал башынан өткөргөн ишти төмөнкүдөй сүрөттөп берди. “Бир күнү  өз ишим менен машина айдап бара жатсам, Жол кайгуул кызматкерлери мени токтотушуп, документ көрсөтүүнү талап кылышты. Мен документтеримди көрсөттүм жана тынчсыздануума себеп жок болчу. Себеби, документим да жанымда болуп, жол эрежесин да бузган эмесмин. ИИМ кызматкерлери  мекемеге барууну талап кылышып, бирок себебин айтышпады. Мен  айдоочулук жаатында бирер проблема бар окшойт деген ой менен алардын артынан бардым.  Мекемеге баргандан кийин таӊ калганым, мени ал жерде бирер башчы эмес … тескерисинче чачтарач күтүп турган эле. Кыскасы , сакалымды алышты жана “комитеттен уруксат кагазыӊ жок экен, мындан кийин өзүңө сак бол, уруксатсыз сакал койбо, болбосо жоопкерчиликке тартыласын “ деп коркутуп коё беришти”.

Анын айтымында, расмий бийлик жана ырасымдарды тартипке салуу комитети  сакал менен күрөшүүнүн ордуна  мамлекеттеги  күчөп бара жаткан ырым-жырымдарга, динибизге жат болгон бидъаттарга каршы күрөшсө максатка ылайык болот эле.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, бул сыяктуу мыйзамдар көбүрөөк Тажикстандын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Согди областында киргизилген. Бул аймак эки кошуна мамлекет менен т.а. Өзбекстан жана Кыргызстан менен чектеш болуп эсептелет о.э. бул жердин калкы түштүк бөлүгүнө салыштырмалуу идеологиялык жактан бир аз ойгоо. Дал ушул аймакта исламий топко мүчө жаштар көп күзөтүлгөн.  Мындан тышкары, мечиттерди   көӊүл ачуу жайларына айландыруу саясаты, хижабга каршы кысым көрсөтүү жана исламий аттарга карата өкмөттүн каршылыгы да мына ушул аймакта көбүрөөк күчүнө кирген.

Мамлекетти чоӊ бир үй-бүлөгө окшотууга болот. Эгерде үй-бүлөӊүздө шариятка бир күн амал кылынбаса,  тартип-эреже  бузулат. Турмуш таразасы өзгөрөт, үй-бүлөдөн бейпилдик жоголот. Демек, коомду да дин гана тартипке салат. Аллахтын алдында болсо кабыл алынуучу дин бир гана  Ислам . Исламдан башка ар кандай батыл саясаттар  адамдардын жашоосун ого бетер чиелештирет. Ислам  дини бир бүтүн имарат болсо, шаръий өкүмдөр ушул имараттын пайдубалы, устуну жана кирпичтери болуп эсептелет, аларсыз  имарат көтүрүлбөйт.  Ушундан келип чыгып айтуу мүмкүн болгондой, шаръий өкүмдөрдүн бирөө-жарымына кайдыгерлик кылынса, динибизге өтө чоӊ зыян жетет. Тажикстан президенти написине кул болуп, алгач исламий Хизбдерге каршы күрөштү, мечиттерди бузуп,  өлкө байлыктарын талап-тоноо үчүн мушрик жана насронийлерге эшик ачып берди. Эми болсо, диний баалуулуктарыбызга каршы аёосуз күрөшүп жатат. Акыйкатта болсо, Аллах аны да мусулман кылып жараткан соӊ, динди коргоо жана ага кызмат кылуу анын да милдети болуп эсептелет. Ал эми Эмомали Рахмон жана анын малайлары пенделик милдетин унутушуп,  көнүӊ-каалоосуна кул болушту.

Аллах  Таала айтат :

“Алар Аллахтын аяттарын арзан баа нерселерге алмаштырып,  (инсандарды) Анын жолунан (дининен) тосушту.  Чынында, алар эң  жаман ишти кылуучу болушту. Алар бирер момун туурасында убадага да, милдетке да карашпайт .Алар чектен чыккан адамдар”. [9:9-10]

  Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here