Туркистон:
Өткөн шейшемби күнү Түркия тарабынан Россиянын Су-24 самолёту атып түшүрүлгөндөн кийин шашылыш билдирүү берген Россия президенти Владимир Путин бул иштин “олуттуу натыйжалары” болушунан да эскерткен болчу.
Мындай олуттуу натыйжалар көпкө күттүрбөдү.
Россия самолёту атып түшүрүлгөндөн эки күндөн кийин Россиянын аскерий самолёттору Түркия чегарасында жайгашкан Аъзаз шаарында Түркиядан келе жаткан 20 жүк машинадан турган гуманитардык жардам кербенин бомбалады. Чабуулдун натыйжасында жети адам курман болуп, 10 адам олуттуу жараат алган.
Россиянын “лента-ру” сайтынын мааалыматында айтылышынча Россия Кыргызстан жана ЖККУнун дагы бир катар мүчөлөрү Түркия атып түшүргөн Су – 24 самолёту тууралуу мамиле билдирбегендигине нааразы экени жазылды.
Т.а. Россиянын Су -24 самолёту Сириядагы карапайым калкты бомбалап, ондогон, балким жүздөгөн бейкүнөө мусулман жана муслималарды өлтүрүп, үйлөрүн кыйрандыга айлантып кайтып келе жаткан кезде, түрк армиясы ал бечара самолёттун экипажын атып жибергенин каралабай койгондугу Путинге жакпаган имиш.
Россияда Путин бул окуядан орус калкынын туйгуларын козгоо максатында пайдаланып, чиркейден пил жасап жатат.Эрдоган болсо, иши менен сыймыктануу жана ушул ишин улантуунун ордуна, куфр дүйнөсү алдында актанууга аракет кылып жатат.Түпкүлүгүндө, Сирия да, башка зулум көрүп жаткан мусулмандар да ар кандай исламий армиялардын же мусулмандардан түзүлгөн армиялардын коргоосу астында болушу керек. Ар бир мусулмандын пакиза каны, жок эле дегенде жогорудагы самолёттун кафир канкор экипажынын каны корголуп жаткандай корголушу важиб эмеспи? Эгерде түрк армиясы НАТОдон же АКШдан эмес Аллахтан корккондо, анда бүгүнкүдөй кор болбойт эле. Бул сөз калган исламий өлкөлөрдүн армияларына да тийиштүү!
Эми Россия Түркиядан бара жаткан гуманитардык кербенди атып жок кылды. Атамбаев түрктөргө да көӊүл айта албайт. Путин режими Кыргызстан сыяктуу өз колониясы болгон мамлекеттердин акимдерине, ал тургай өз алдынча пикирлөө же окуяларга өз мамлекетинин кызыкчылыгынан келип чыгып мамиле билдирүү үчүн да мүмкүнчүлүк бербей койду.