Кадыр Маликовго кол салуу болду

344
0

Туркистон:

26ноябрь күнү “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликовго бир нече белгисиз адамдар кол салышкан.

Кадыр Маликов жана анын жакындары берген маалыматтарга ылайык, кол салгандар аны өлтүрмөкчү болушкан. Кол салгандар бир нече жылдан бери Маликовду өлтүрүү үчүн ыӊгайлуу учурду аӊдып келе жатышкан диний радикалдык топтун өкүлдөрү имиш.

Жогорудагы сыяктуу мусулмандарга каршы уюштурулуп келе жаткан ачык-айкын кол салуу жана өлтүрүү иштери эки тараптуу зыян алып келет.

Биринчиси: Шаръий өкүмгө ылайык келбеген иштердин баары жаман. Ал тургай, алар бүт адамзатка өтө пайдалуу болуп жаткан күндө да, коомдун исламдашуу табиятына өтө чоӊ зыян жеткирет жана Исламды коомдон алыстатууга  салым кошкон болот. Бул сыяктуу зомбулук исламий казынын өкүмүсүз ишке ашыруу мүмкүн болбогон шариятка тескери аракет болуп, Исламды дааба кылуу максатында ишке ашырылган болушу мүмкүн эмес.

Экинчиси: Бузуку куфр кызыкчылыгын коргоочу күчтөр бул сыяктуу кол салуудан пайдаланып, Исламды коомдон сүрүп чыгаруу үчүн мусулмандарга каршы негизинен жалаа жабууну ыкма кылып алып, өтө ашынган күрөш жүргүзүп жатышат. Эгерде жогорудагы кол салуу исламий күчтөр тарабынан ишке ашырылган болсо, анда  куфр максаттарынын ишке ашуусуна салым кошулган болот. Азыркы Кыргызстандагы абалды этибарга алып айта турган болсок, тышкы куфр күчтөрү Кыргызстандын ичинде өтө чоӊ провокация кылуу максатында кампания жүргүзүп жатышат. Булар эки багыт бойлоп аракет кылышат. Биринчиси, маалыматтык чабуул уюштуруп коомчулукта Ислам жана мусулмандарга каршы жек көрүү, коркуу же жок эле дегенде кайдыгерлик пайда кылууну көздөшкөн. Экинчи багыттагылар түздөн-түз өлтүрүүлөрдү жана жардырууларды уюштуруп, Ислам жана мусулмандарга карата коомдо ызы-чуу жана коркуу пайда кылышат.

Биринчи тайпадагы куфр кызматчылары кыргыз маалымат каражаттарын монополия кылып бара жатканын көрүп турабыз. Алар куфр маалымат каражаттары таркатып жаткан бир тараптуу маалыматтарга таянып, мусулмандарды жаманатты кылууну өздөрүнүн негизги милдети кылып алышты.

 Экинчи тайпанын өкүлдөрү болсо өтө жашыруун иш алып барышат. Алардын максаттары материалдык иштер болуп, Кыргызстан жарандарын коркууда кармап туруу максатында жардыруу уюштурушат же өкмөт менен мусулман жарандар ортосуна чагым сала турган канкордук иштерди уюштурушат. Милиция кызматкери Абдувалиев Актилектин 20-ноябрь күнү атып өлтүрүлүшүн буга мисал кылып келтирүүгө болот.

Кадыр Маликовго карата ишке ашырылган зомбулук иштерин да, жогорудагы маалыматтык чабуул кампаниясынын жана орус террорчу топтору жүргүзүп жаткан иш-аракеттердин жемиши деп айтууга болот. Наркоздун таасиринен чыгары менен Маликовдун оюна исламий радикалдар келишинин өзү, ошол куфрдун фитнакеч топтору маалымат провокациялары аркылуу арабызга салып жаткан ызы-чууларынын натыйжасы болуп эсептелет. Алар бизди – ар бир кол салуу же зомбулук жүз бергенде – эч бир экиленбестен мусулмандардан шектене турган жана мусулмандардын шаанисине ар түрдүү жаман сөздөрдү айта бере турган кылып коюшту.

Куфрдун маалыматтык чабуулу жана иштерибизге түздөн-түз аралашуусу менен исламий үрп-адаттар, баалуулуктар жана адеп-ахлакты коомдон сүрүп чыгаруу үчүн жүргүзүп жаткан уюшкан аракеттери кыргыз улутунун байыртадан келе жаткан менталитетин бузуп жиберүүдө. Кыргыз улуту 30-жылдардагы Советтик Россия тарабынан сүргүн кылынган исламий үй-бүлөлөрдү өтө жакшы күтүп алышкан болчу. Бул улуттун өкүлдөрү исламий адамдарга каршы бычак көтөрмөк тургай, уламалардан кеӊеш сурабай туруп бирер иш кылбайт эле.

Кадыр Маликов жана башка улама жана диний жетекчилердин үстүнөн өкүм чыгаруу жана шаръий казынын өкүмүсүз ишке ашыруу Исламдан эмес. Муну динди маска кылып алган бузуку күчтөр гана кылышы мүмкүн.

Уламалардын ката кетириши, алардын шариятка тескери позициялары жана чалгытуучу фатвалары Үммөттү чачыранды кылып жибере турган натыйжаларга алып барышы мүмкүн. Ошого карабастан, аларга каршы материалдык жаза бир гана шаръий жол менен болушу керек. Бул Хизб ут-Тахрирдин Пайгамбарыбыз с.а.в.дын сүннөтүнө таянып кабыл алган тарыйкаты негиздеринин бири болуп эсептелет.

 Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here