Капаров: Эгереде буйрук келсе, биз аны аткарууга даярбыз

243
0

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров журналисттердин ЖККУ мамлекеттери тынчтыкты орнотуу операцияларына, анын ичинде Сириянын жана Афганистандын аймагындагы операцияларга катышуу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна жооп берди.

 Жаныбек Капаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: “Эгерде буйрук келсе, биз аны аткарууга даярбыз”, – деди.

Анын айтымында, бул маселе аскерий машыгуулар учурунда иштелип чыгууда. Ал: “Жамааттык коопсуздук кеңешинин окууларынын анализинен кийин чечим кабыл алынат. Биз аскер адамдарыбыз жана башкы командачынын чечимдерин талкуулаганга көнгөн эмеспиз, биз аны аткарышыбыз керек. Ошондуктан, эгерде буйрук келсе, биз аны аткарууга даярбыз, анын ичинде тынчтыкты орнотуу боюнча да”, – деди.

 Башкы штабдын 2015-окуу жылындагы иш жыйынтыгын чыгаруунун жүрүшүндө Капаров: “Биз өзүбүздүн күчүбүзгө ишенебиз, жана бизде бар каражаттар менен алдыбызга коюлган каалаган тапшырманы аткара аларыбызга көзүбүз жетет”, – деди .

 Капаровдун айтымында, 2015-жылы эл аралык жана ички мамлекеттик мүнөздөгү бардык иш-чаралар материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган. “Ошондуктан да топтолгон тажрыйбалар, куралдуу күчтөрдүн сапаты жана мүмкүнчүлүгү көтөрүлүп бара берет деп айтууга болот”, – деди Капаров.

Туркистон:

  Кыргызстан бийлиги бүгүнкү күндө армияда 12000 дин тегерегинде аскер кармап тура алат. Анын аскердик техникалары СССРде иштелип чыккан эски техникалар болуп, алардын көпчүлүгү пайдалануу мөөнөтүн өтөп болгон. Ал тургай, кыргыз армиясындагы 21 даана МиГ- 21 самолёттору да, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде иштелип чыккан. Кыргыз армиясынын аскерий техникасы бир жолу да чындап модернизация кылынган эмес. Россия Кыргызстандан бирер нерсе сатып алса, же карыз кылуу максатында баланча миллион жардам берүүгө келишим түзсө, чыккынчы бийлик менен келишкен абалда, өзүндө аскерий запаста эскирип бүткөн аскерий техникаларын бизге доллар эсебинде өткөрүп берет. Ушундай абалыбызда Россия биздин аскерий жардамыбызга муктаж деп ойлонуу мүмкүнбү?

Албетте, жок. Ал Кыргызстанды символдук жана расмий түрдө согушка алып кирип коймокчу. Россия, Сирия согушунда өзүнүн тарапкерлери көбүрөөк болушун каалайт. Россия бизден аскерий кубат менен эле эмес, балким, моралдык жана материалдык жактан жардам күтүшү мүмкүн. Керек болсо, Асад тарапкерлери качкындарга айланган күндө аларды кабыл алуу менен болсо да өзүнө жардамчы шериктерди даярдап алмакчы. Кудум, АКШнын Афганистанга жана Иракка каршы түзгөн коалициясы сыяктуу. Ошондо Англиянын армиялары менен бир катарда, 10 чакты казак аскерлери да кирген болчу. Бул коалицияга мүчө мамлекеттердин аскерлери дээрлик согушка киришпегени менен, аларды жөнөткөн мамлекеттер расмий түрдө ошол согушка катышкан болуп эсептелишет. Бүгүнкү күнгө келип, АКШ Афганистанды өтө туруксуз жана ыӊгайсыз абалга кептеп коюп, кудум ушул абалынан Борбор Азия мамлекеттерин коркутууда пайдаланып жатат. Дүйнө мамлекеттери болсо, “бул нерсе АКШнын Афганистанга бастырып киришиндеги катасынын натыйжасында жүз берип жаткан туруксуз абалдар” экенин ачык айтууга батына албай жатышат. Себеби, алар да бул согуш үчүн түзүлгөн коалицияга мүчө болуу менен ага ыраазылык билдиришкен болчу.

Кыргызстан өзүнүн төшөгүнө карап бут сунушу керек. Болбосо, “төөнү сел алса, эчкинин аягын асмандан көр” дегендей өтө жаман абалда калат. Кыргыз бийлиги Россиянын атйканы менен ЕАЭБге мүчө болушунун натыйжасында Кыргызстан жарандарынын башына түшүп келе жаткан экономикалык бороонду жашырууга аракет кылып жатат. Алар дагы Россиянын изи менен жүрүп – Путин режими Россиянын экономикалык кыйроосун согуш менен жаап калмакчы болуп жатканы сыяктуу – кыргыз бийлиги да ушундай максатта согушка кирмекчи болуп жаткан болсо, өтө чоӊ ката кетирет.

Көӊүл бурган болсоңуз, кыргыз өкмөтүнүн кудум Россия өкмөтү сыяктуу акыркы кезде жүргүзүп  жаткан бардык аракеттери, бүгүнкү күндө башыбызга түшүп жаткан жагымсыз абалдар үчүн кимдир бирөөлөрдү айыптуу кылуу негизинде жүрүп жатат. Алар бүгүнкү күндүн башыбызга түшүп жаткан кризистер характерлерин жана андан кутулуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн аракет кылууну экинчи орунда калтырып жатышат. Өкмөттүн ушул абалдан өздөрү таза чыгып алуу үчүн гана аракеттенип жатканы билинип турат. Алар ал тургай атайылап Ислам жана мусулмандардын ачуусуна тийип, аларды козгоо максатында бир нече опреацияларды жана маалыматтык чабуулдарды өткөрүп да көрүштү.

Учурда, Кыргызстан жарандары үчүн кудум Россия калкы сыяктуу эле “көргөнүбүздөн көрө элегибиз көп” деп айтууга болот. Күтүлүп жаткан саясий, экономикалык жана аскерий кризистер жана бороондор алдыда тургандай. Муну сезип турган Путин Сирия согушуна Россияны алып кирип бара жатат. Кыргызстан өкмөтү Путиндин артынан бул террористик согушка ал тургай символдук көрүнүштө да кошулушу мүмкүн эмес. Бул Кыргызстан мусулмандары үчүн эле эмес, бүтүндөй мамлекет жана жарандар үчүн кыянат болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here