G20 саммитинде өз ара жолугушуулар

264
0

Түркиянын Анталия шаарында кечээ жекшемби күнү башталган G20 саммити бүгүн да уланууда. Дүйнөлүк экономиканын 85 пайызын түзгөн 19 мамлекеттин жана Европа союзунун жетекчилери о.э. тышкы иштер министрлери өз ара жолугушууларды өткөрүүдө.

АКШ президенти Барак Обама Россия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул жолугушууда Обаманын тышкы маселелер боюнча кеңешчиси Сюзан Райс да катышты. Журналисттер үчүн бул эки жетекчинин талкууларын жакындан күзөтүүгө уруксат берилбеди. Алыстан болсо да күзөткөн журналисттердин билдиришинче, Обама менен Путин ортосунда болуп өткөн маек жөнөкөй маек болбогон, тескерисинче алардын ортосунда олуттуу талаш-тартыш болгон.

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуп, Сирия маселесинде кызматташтыкты күчөтүү о.э. терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү жаатында келишип алышты. Бул тууралуу алардын өздөрү маалымат жыйынында билдиришти.

Эрдоган Россия президенти Владимир Путин менен да жабык эшиктер артында жолугушту. Жолугушуу бир сааттай убакытка созулду.  “Алар эмне жөнүндө сүйлөшкөндүгүн өздөрүнөн сурап билебиз”, – деди саммитти ачыктап жаткан журналисттердин бири.

Туркистон:

Обаманын Путин менен жолугушуп жатканынын өзү АКШнын Россияга болгон мамилеси тууралуу айтып турат. Алардын  ортосунда болуп өткөн маек маалымат каражаттарын жана дүйнөнүн карапайым жарандарын алдоо үчүн гана.

АКШ Россиянын Сириядагы согушунун жашыруун шериги. Алар Францияда 13-ноябрда болуп өткөн ири террордук операциянын уюштурулушунда да кызматташкан болушу мүмкүн. Бул террордук операцияларда Россиянын атайын күчтөрүнүн колу бар деген божомолдор күчөп барууда. Бирок, Россиянын учурда исламий кыймылдар менен алакалары дээрлик үзүлүп калган. Анын бир өзү мындай ири операцияны ишке ашырышы азыркы эл аралык саяаттагы абалында өтө кыйын.

Сирия маселесинде болсо АКШ Россия үчүн ар тараптуу жол ачып берүүдө. Россиянын авиа чабуулдары туурасындагы Түркиянын маалыматтык чабуулдары акыркы кездерде тыйылып бара жатканы да буга далил болот. Франциядагы окуя да Олланд жардам берип келе жаткан исламий кыймылдарга карата Француздардын позициясын өзгөртүү үчүн болду. Бул да Россиянын Сирияда эркин дем алышы үчүн жол ачып берүү операциялары түркүмүнөн. Обама Путинди кудум Асад сыяктуу туӊгуюкка кептеп алып, өз кызыкчылыктары жолунда, калган саясий өмүрүнүн аягына чейин иттей иштетип алат окшойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here