Таблиг жамаатына да тыюу салынабы?

305
0

Кыргызстандын президенти да, өкмөтү да Кыргызстан “эгемендүү мамлекет экендигин жана саясатын өз кызыкчылыктарынан келип чыгып белгилешин” тез-тез кайталап турууну жакшы көрүшүнө карабастан, күн өткөн сайын Россиянын каалоосунан четке чыга албай турган жана коюлган талаптарды сөзсүз аткара турган болуп барууда.

Президент Атамбаев “мага басым өткөрүүнүн пайдасы жок, мен жетиштүү даражада тапталганмын” дегенине карабастан, Россиянын басымы астында Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирди. Бул уюмга мүчө болгондуктун “пайдасы” бүгүнкү күндө жемишин берип, Борбор Азиядагы эң чоӊ базарлар болгон “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларындагы сооданын көлөмү 70-80 пайызга түшүп кеткен болсо, жергиликтүү ун заводдору, үй канаттуулары фермасы кризиске келип калды… Бул Россиянын талабы менен коюлган кадамдын экономикалык тармактагы жөнөкөй эле бир көрүнүшү.

Диний тармакта болсо Кыргызстан калкынын 85 пайызын мусулмандар түзүшүнө карабастан, мектептерде окуучу кыздардын жоолук оронушу, балдардын болсо жума намазына барышы проблема катары көтөрүлүүдө. Себеби, Россияда да ушул маселе көтөрүлүп, Жогорку соттун чечими менен муслима окуучу кыздардын мектепке жоолук оронуп келишине тыюу салынган болчу.

 Исламий уюм жана жамааттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча да Кыргызстан өкмөтү Россиянын изи менен жүрүп жатат. 2003-жылы февраль айында Россиянын Жогорку соту Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө тыюу салган болсо, ошол эле жылдын аягына келип Кыргызстанда да Хизбдин ишмердүүлүгүнө тыюу салынган эле.

 Бүгүнкү күнгө келип болсо Россияда экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Таблиг жамаатынын үстүндө кеп-сөздөр пайда болууда. Диний активист Анварбек Төлөмүшев 11-ноябрь күнү өткөргөн маалымат жыйынында, Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин директору Орозбек Молдалиевди муфтийликке жана орун басарлыгына Россия жана кошуна өлкөлөрдө тыюу салынган Таблиг жамаатынын мүчөлөрүнөн дайындап жаткандыкта айыптап, эгерде буга көӊүл бурулбаса, натыйжасы аянычтуу болушу туурасында эскертип өттү.

 Буга жооп иретинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин директорунун орун басары Бактыбек Осмонов 13-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат Токтомушовдун Таблиг жамаатына тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатканын журналисттерге кабарлады.

 “Азырынча “Таблиги жамаат” кыймылына тыюу салына элек. Аны жалгыз сот гана чечет. Ал эми муфтийдин бул кыймылга тиешеси бар же жок экени былтыр Коргоо кеңешинин жыйынында каралып, бул боюнча УКМК, ИИМ жана Дин иштери боюнча комиссия иликтөө өткөрүп, жыйынтыктары чыгарылган, бирок азырынча ал жөнүндө кененирээк айта албайм. Бардык маалыматтар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү”, – деди Осмонов.

 Биз буга чейин да Кыргызстан өкмөтү Россия жана Батыш мамлекеттеринин басымы астында белгилүү бир исламий кыймылга каршы эмес, тескерисинче Ислам динине жана мусулмандарга каршы күрөшүп келе жатканын айтып өткөн элек. Муну бүгүн да кайрадан кайталайбыз!

Куфр мамлекеттеринин түпкү максаты Ислам дининин турмушка кайрадан келишине жол бербестик болгондуктан, өзүнүн таасири астында болгон өкмөттөрдөн Исламды жана анын көрүнүштөрүн коомдун ичинен сүрүп чыгарууну талап кылат жана керек болсо басым өткөрөт. Эгерде бүгүн өкмөт тарабынан башталган бул күрөштү токтотуп калууга биргеликте каршы турбай турган болсок, эртеӊки күнү Өзбекстан, Тажикстан…  жана башка КМШ мамлекеттериндеги мусулмандар баштан өткөрүп жаткан абалдар биздин да башыбызга түшөт. Мына ошондон кийин мечиттерде ибадат кылуу, сакталышы важиб болгон аялдарыбыз, эже-карындаштарыбыз жана кыздарыбыздын хижаб кийип жүрүшү арзуу болуп калат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here