Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын үстүнөн көзөмөл күчөтүлдү

259
0

“Азаттык” радиосунун кабар беришинче, Жалал-Абад областындагы Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы мектептерге жума күндөрү көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул чара окуучулар мектепти таштап мечитке кетип калышынын алдын алуу максатында колдонулууда.

 Өкмөттүн областтагы өкүлү кабарлагандай, мектептерди текшерүү учурунда жума намазга кеткен окуучулар көп экендиги аныкталып, сабакка катышуулар 55 пайызга төмөндөп кеткен.

Туркистон:

Расмий бийлик жаштар радикалдашып бара жатканы туурасында тынчсызданып жаткан болсо да, бирок, ар түрдүү тыюу жана чектөөлөр аркылуу буга өзү шарт түзүп берүүгө аракет кылып жаткандай.

 Өткөн жылдын жай мезгилинде Ош шаарында сакал койгон жаш  жигиттерге каршы атайын кампания башталган эле. Ошол иш-чара учурунда сакал койгон динчил  жигиттер кармалып текшерилген болчу. Кармалган адамдын бирер диний уюмга мүчө экендиги аныкталбаса да, күч түзүмдөрү алардан чоӊ өлчөмдө акча алып анан бошотуп жатышканы кабарланган болчу. Мындан тышкары, Кыргызстан түштүгүндө күч түзүмдөрү көчөдө жүргөн жаштардын телефондорун текшерип, эгерде анын  телефонунан диний мазмундагы бирер аудио же видео материалдарды таап алса алардан да акча өндүрүү кеӊири жайылган болчу… Бүгүнкү күнгө келип болсо, расмий өкмөт 400дөн ашуун кыргызстандык Сирияга чыгып кеткени туурасында айтып жатат.

 Ислам жана мусулмандарга диний ишеним жактан душман болгон Өзбекстан канкору Каримов бийликке келип, позициясын бекемдеп алган соӊ негизги көӊүлүн Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы күрөшүүгө каратты. Алгач ак топу жана сакалга каршы күрөшкөн болсо, кийинчерээк мектеп окуучуларынын мечитке барышына, окуучу кыздар жана аялдардын хижаб кийишине тоскоолдук кылды. Ал тургай, базарларда жана коомдук жайларда аялдардын баштарынан жоолуктарды мажбурлап чечип алууга чейин жетип барды. Каримовдун мына ушундай зулум жана чектөөлөрү себептүү –  өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап – Өзбекстан жарандары чет өлкөгө чыгып кетип, куралдуу топтордун катарына кошула башташкан эле.

 Өзбекстандан айырмалуу түрдө, 2010-жылдагы улуттар аралык жаӊжалга чейин, кыргызстандыктардын чет өлкөдөгү куралдуу топтордун катарына кошулганы тууралуу бир да кабар же маалымат болбогон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here