АКШ: Сирияда ийгиликке жетишүү үчүн кургактыктан чабуулга өтүү керек

263
0

АКШ Сирияда ийгиликке жетишүү үчүн аба күчтөрүнө кошумча түрдө кургактыктан да аскерлерин алып кириши керек. Бул сөздөрдү АКШ аба күчтөрүнүн секретары Дедера Лее Жеймс Дубай авиация көргөзмөсүндө айтып өттү. Жеймстин айтымында, авиа чабуулдар канчалык күчтүү болушуна карабастан, кургактыктан колдоп-кубатталбаса региондо бийликти колго ала албайт.

“Аба күчтөрү өтө маанилүү. Өтө көп иштерди аткара алат. А бирок, бардык иштерди кыла албайт. Ушундай болгон соӊ, бул жерлерди басып ала албайт. Аскерий операция учурунда кургактыктан да согуша турган күчтөргө муктажбыз. Ирак армиясын, Сирия азат армиясын жана күрттөрдү ИШИМге каршы күрөштө колдоп-кубаттоо зарыл”, – деди Лее Жеймс.

АКШ аба күчтөрү секретарынын бул билдирүүсү АКШ Коргоо министри Эштон Картердин Сирияга атайын күчтөр жиберилиши тууралуу берген билдирүүсүнөн кийин жаӊырды. Пентагондун башчысы Эштон Картердин айтымында, эгерде Сирияда ИШИМге каршы согушууга даяр болгон кошумча топтор табыла турган болсо, президент Обама аларга колдоо үчүн бир нече АКШ аскерин бөлүүгө даяр.

АКШ президенти октябрь айында Сирияга 50 атайын кошуун жиберүү токтомун тастыктаган эле.

Учурда Түркиянын премьер-министри Ахмад Давутоглу да Сирияга кургактыктан эл аралык күчтөр киргизилиши керектигин билдирди. Давутоглу 15-16-ноябрь күндөрү болуп өтүүчү G20 саммитинин алдында берген интервьюсунда ИШИМге каршы абадан чабуул кылуунун өзү жетиштүү эместигин  баса белгиледи.

“Аба чабуулдары менен кургактык күчтөрүн бириктирген стратегияга муктажбыз. А бирок, Түркия жалгыз өзү бул милдетти мойнуна ала албайт. Өтө тыкан пландаштырылган стратегияга ээ болгон коалиция түзүлсө, Түркия ар тараптуу бул коалицияда катышат”, – деди Түркиянын премьер-министри.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here