Колонизаторлорго жагынуу үчүн мусулмандарга баскын уюштурулду

258
0

Өнөр жайы өнүккөн чоӊ Жыйырмалык мамлекеттеринин кезектеги саммити Түркияда өтөт. Саммит 15-16-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өткөрүлүшү белгиленген.

Саммиттин алдында Түркия өкмөтү Анкара, Ерзурум, Коня жана башка бир нече шаарларда мусулмандардын үйлөрүнө баскын уюштурду. Түркиянын коопсуздук кызматкерлери “тазалоо операциясы” шылтоосунда таӊ эртелеп мусулмандардын үйлөрүнө бастырып киришти. “Террорчу” деген айыптоо менен, ал тургай аялдарды да колуна кишен салып алып кетишти.

Ошол себептен улам, Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар “Обама Түркияга келет деп таӊ саардан мусулмандардын үйлөрүнө баскын уюштуруу – зулум” деген аталыштагы расмий баянат берди. Баянатта айтылышынча, көчөлөрдө жана сейил бактарда жүргүзүлүп  жаткан тазалык иштери Түркия калкы үчүн эмес, тескерисинче Ислам өлкөлөрүнүн байлыктарын талап-тоноп, мусулмандарды кыргын кылып жаткан колонизатор Батыш мамлекеттеринин жетекчилери үчүн кылынууда. Бул да жетишпегендей, аларга жакшы көрүнүү үчүн – алар Түркияга келбей жатып – адамдардын үйлөрүнө бастырып киришип, мусулмандарды, ал тургай аялдарды да алып кетишүүдө.

Баянатта жалпысынан: “Ко-ош, өзү бул мамлекеттердин жетекчилери кимдер? Ирак жана Афганистанды кыйрандыга айланткан АКШнын президенти Барак Обама, Мали мамлекетинин мусулмандарын өлтүргөн жана сүйүктүү Пайгамбарыбызды акаарат кылгандарды колдоп-кубаттаган Франциянын президенти Франсуа Олланд, көптөгөн жылдардан бери өлкөбүздүн байлыктарын сүлүктөй соруп жаткан Британиянын премьер-министри Девид Камерон, Сирия мусулмандарын аёосуз кыргын кылып жаткан Россиянын президенти Владимир Путин жана башкалар…”, “Ал эми эшиктери сындырылып үйлөрүнө бастырып кирилген жана террорчулукта айыпталып колдоруна кишен салынган мусулмандар кимдер? Исламдын камында жүргөн жана Сирия калкынын муктаждыктарын кандыруу үчүн аларга жардам берип жаткан гариб мусулмандар…”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here