Парижде дагы теракт ишке ашырылдыбы..же?

266
0

Расмий кабарларга ылайык, Парижде ишке ашырылган 6 терактта өлгөндөрдүн саны 150 дөн ашып кеткен.

Түрдүү маалыматтарга ылайык, Парижде 13-ноябрь кечке маал 6-7 жерде теракт ишке ашырылган: 4 чабуулда адамдарга карата ок атылган, “Батаклан” концерттик залында адамдар күрөөгө алынган, шаардын четиндеги “Стад де Франс” стадионунун жанында 3 жардыруу ишке ашырылган. Кабарларда айтылышынча, концерттик залга бастырып киргендер “Аллаху Акбар” деп кыйкырышкан.

Мындан бир аз мурда, Париж расмийлери 140 адам өлгөндүгүн билдиришкен болчу. Париж прокурору Франсуа Моленс теракттар Париждин 6 жеринде бир эле учурда ишке ашырылгандыгын билдирген.

Акыркы маалыматтарга ылайык, чабуулдарда курман болгондордун саны 153кө жеткен, алардын 112си атайын кызмат тарабынан террорчулардан тазаланган “Батаклан” концерттик залында өлгөн. Чабуулдар үчүн жоопкерчиликти “ИШИМ” уюму мойнуна алган.

 АКШ разведкасы болсо “ бул чабуулдар, террордук чабуулдардын татаалдыгына караганда, ИШИМ эмес, “Ал-Каида” тарабынан уюштурулган” деп эсептешүүдө.

“Париждеги чабуулдар, алардын татаалдыгына караганда,  «ИШИМ”дин ишине окшобойт”, – деди АКШ разведкасындагы терроризмге каршы күрөш боюнча жогору даражалуу кызматкер. Эксперттин пикиринче, ылайыкташтыруунун жогорку даражасы “Ал-Каида”га ишара кылууда.

 Бирок,“Батаклан”дагы окуяга күбө болгондордун бири, Француз радиосунун кабарчысы Жульен Пирс автоматтар менен куралданган кара кийимчен адамдар кирип залдагыларды аткылай баштаганда башынан өткөргөн “коркунучтуу 10 мүнөт” тууралуу Си-Эн-Эн телеканалына айтып берди.

 “Бул кыргын болчу. Адамдар ызы-чуу түшүп, бардыгы полго жатып алышкан эле. Бул нерсе 10 мүнөткө созулду, бардыгы полдо баштарын колдору менен бекитип  жаткан кездеги коркунучтуу 10 мүнөт”, – деди Жульен Пирс Си-эн-эн телеканалына.

 “Биз өтө көп октун добуштарын уктук, террорчулар өтө кадыржам болчу. Алар куралдарын үч же төрт жолу кайрадан октошту, эч нерсе деп кыйкырышпады. Алар эч нерсе дешпеди”, – деп кошумчалады Пирс.

Туркистон:  Жогорудагы сыяктуу теракттардын дээрлик бардыгы, белгилүү бир мамлекеттерде, белгилүү бир шартта жана ар дайым өздөрү үчүн, же болбосо аны ишке ашырууга шарт түзүп берген башка тышкы мамлекеттер үчүн ыңгайлуу убакта ишке ашырылат.

Францияда болуп өткөн куралдуу кыргын Сирияда бир нече жылдардан бери уланып келе жатат. Акыркы кездерде Россиянын бомбалары астында дээрлик күн сайын жүздөгөн карапайым жарандар жана жаш балдар өлүп жатат.

Дүйнө бир ууч капиталист жетекчилердин саясий оюндары майданына айланып калды. Алар ыпылас куфр системасын сактап калуу үчүн о.э. ар бири бул системадагы өз үлүшүн көбөйтүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жогорудагы сыяктуу т.а. карапайым калктын курман болушу менен айктай турган атайын операцияларды уюштурушат. Францияда болуп өткөн террордук операциялардан да бир нече максаттар көздөлгөн болушу мүмкүн.

Т.а. Франция бийлиги өзү уюштурган болушу мүмкүн. Бул операциядан кийин Оланд чегараларды бекемдөө тууралуу жана ичкериде өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө буйрук берди. Демек, Оланд ушул абалдан пайдаланып тышкарыдан кирип келе жаткан мигранттар агымынан Францияны куткарып калмакчы. Ичкериде да исламий күчтөрдү тыйып алуу жана мусулмандарды өз ордуна түшүрүп коюу үчүн Франция калкынын жек көрүүсүн ишке салмакчы.

Кээ бир эксперттердин айтышынча, тышкы мамлекеттер тарабынан уюштурулган болушу да мүмкүн. Эгерде АКШ же Россия тарабынан уюштурулган болсо, анда Европанын Сириядагы исламий күчтөргө карата адамгерчилик позициясын өзгөртүү көздөлгөн болушу мүмкүн. Т.а. Англия, Франция, Германия жана башка Европа Союзу мамлекеттери, Россиянын Сирияда жүргүзүп жаткан согушуна каршы маалыматтык чабуулдарды жүргүзүп жатышкан эле. Алар маалымат каражаттары жана расмий чыгуулары аркылуу Россиянын мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан бардык жырткычтык аракеттерин ачып таштап, куфр дүйнөсү Исламга каршы идеологиялык жактан биргеликте күрөшүүсү керек болгон чегараны бузуп жатышкан эле. Т.а. Россиянын Сириядагы аракеттери АКШнын раъйы боюнча Исламга каршы куфр согушу болуп эсептелет. Франция сыяктуу бир катар мамлекеттер болсо, бул согушту “өз кызыкчылыктары жолунда колония талашуу үчүн жүргүзүлө турган кызыкчылыктар согушу” деп карай башташты. Алар же ал мамлекеттердин жарандары бул Ислам-куфр маселесиндеги назик чегараларды түшүнө албай калышты. Жогоруда болуп өткөн теракттар Франция эле эмес, бүтүндөй Европа мамлекеттеринин Ислам жана мусулмандарга каршы ички жана тышкы саясаттарын өзгөртөт.

Куфр дүйнөсү “Сириядагы согуштар жөө аскерлер киргизилмейинче жеӊиш алып келбейт” деген пикирди көтөрүп чыга башташты. Франциядагы кыргын Сирияны басып алууда жаңы курмандыктар үчүн даярдалып жаткан чөйрө же шылтоо болушу да мүмкүн. Себеби,  11-сентябрь окуясында да куфр өз жарандарын кырып жиберип, аны мусулмандарга шылтап, өч алуу шылтоосу менен Афганистанга бастырып кирген эле.

Кандай болгон күндө да бул жырткычтык операциялардын Франция бийлиги же башка чоӊ куфр мамлекеттери карамагындагы ири эл аралык коопсуздук башкармалыктардын түздөн-түз жардамдары о.э. алар тарабынан иштелип чыккан атайын долбоорлор аркылуу ишке ашырылгандыгы анык.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here