Обама: Бейкүнөө яхудийлерге чабуул кылып жаткан палестиналыктарды каралаймын

277
0

 АКШ президенти Барак Обама Израилдин премьер министри Бенямин Нетаняху менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны о.э. Сирия жана Иран маселелерин талкуулашты. Обама Нетаняху менен Ак үйдө жолугушту. Эки мамлекеттин башчылары Овал офисинде жолугушуудан мурда журналисттерге билдирүү беришти.

Обама Палестина жана Израилде акыркы апталарда жүз берген зомбулуктардан тынчсызданып жатканын айтып өттү. Обаманын айтымында, куралсыз муслималарды атып өлтүрүп жаткан жана мектептерге бастырып кирип, окуучуларды камакка алып жаткан “бейкүнөө” яхудийлер өздөрүн коргоого укуктуу.

“Палестиналыктардын бейкүнөө, маъсум израилдиктерге чабуул кылып жаткандыктарын каралашымды ачык айтмакчымын. Израиль өзүн коргоого укуктуу экендигине жана буга жооптуу экендигине тиешелүү тереӊ ишенимимди да дагы бир жолу айтып өтмөкчүмүн”, “Израиль Палестинадагы террорго  каршы өзүн коргоого акылуу”, – деди  АКШ президенти.

Израиль мамлекетинин коопсуздугу АКШынын тышкы саясатында маанилүү экендигине ишара кылган Обама бул үчүн аскерий жана разведка маселелеринде эки мамлекет ортосунда кызматташтык жүрүп жатканын айтып өттү. О.э. ал яхудийлерге берилип жаткан жардамдар Израилдин эле эмес,  АКШнын да кооопсуздугу үчүн ишке ашырылып жатканын билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here