Түркия менен Израилдин соодасы күчөп жатат

249
0

Түркия жана Израиль ортосундагы сооданын көлөмү акыркы беш жылда эң жогорку даражага көтөрүлдү. Түркия статистикалык институту тарабынан тышкы саясат боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасына ылайык, Түркия жана Израиль ортосундагы сооданын көлөмү акыркы беш жылда эки эсеге көтөрүлүп 5,6 миллиард долларга жеткен. Бул цифра израилдик жооптуулар тарабынан да тастыкталды.

Израиль тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Эммануэль Нахсон “Media Line” программасына берген билдирүүсүндө Түркия жана Израиль экономикасы бири-бирин толтургандыгын билдирди. Нахсондун айтымында, эки мамлекет ортосундагы соода алакалары бир топко күчөгөн. Маалымат катчы Түркия жана Израиль ортосунда жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана саясий алакаларга бири-биринен бөлүнгөн өз алдынча алакалар катары баа берүүгө аракет кылды.

“А бирок өкүнүчтүүсү, саясий алакаларыбыз анчалык жакшы эмес. Буга түрк өкмөтүнүн Израилге карата жасаган орой мамилелери себеп болууда”, – деди Нахсон.

Эммануэль Нахсон Түркия жана Израиль ортосундагы саясий алакалар экономикалык алакалардан башка абалда жүргүзүлүшүнө курсант экендигин кошумча кылды. Муну менен ал экономикалык алакалар саясий алакалардын жемиши экендигинен чалгытмакчы болду.

Израиль тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысы Алон Лиэль да жогорудагы эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык келишпестиктер соода алакаларына таасирин тийгизбестигин айтты.

“Эки мамлекет теӊ өз ара экономикалык алакалары жана саясий алакалары ортосунда дубал пайда кылган эле. Эки мамлекеттин теӊ экономикасы жана муктаждыктары бар. Алар дипломатиялык даражада олуттуу талаш-тартышканына карабастан, мунун соодага эч кандай таасири жок”, – деди Алон Лиэль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here