Яхудий аскерлери күн өткөн сайын кутуруп барууда

343
0

Мусулмандар үчүн ыйык болгон Палестинага колонизатор Батыш тарабынан яхудий вужуду мажбурлап эгип коюлгандан бери дүйнөдөгү эң коркок жана Аллах тарабынан налаттанган бул улут ал жердеги мусулмандар үстүнөн оюна келген ишти кылып  жатышат. Буга исламий өлкөлөрдүн азиздикти Аллахтын алдынан эмес, тескерисинче, махлуктан издеген акимдери себеп болууда. Анткени, бул малай акимдер мусулмандар үстүндө жетекчилик кылып турганда өз кылмыштары үчүн эч кандай жооп бербестиктерине көздөрү жеткен яхудий өкмөтү жана аскерийлери күн өткөн сайын кутуруп бара жатышат.

Яхудий өкмөтү тарабынан Масжидул Аксага 40 жашка чыга элек мусулмандар киришине тыюу салынгандан кийин башталган кезектеги канкордуктарда бүгүнкү күнгө чейин яхудий аскерлери тарабынан 74 мусулман атып өлтүрүлдү. Курман болгондордун акыркысы 72 жаштагы муслима энебиз болду.

 Мусулмандар үчүн улуу болгон жума күнү Жума намазынан кийин яхудий аскерлери дагы бир 72 жаштагы муслима энебизди атып өлтүрүштү. Ал-Халил шаарынан болгон Хаварат Ашравий жума намазынан кийин машинасына бензин куюу үчүн май куюучу станцияга (АЗСке) келген учурда Израиль аскерлери тарабынан атып ташталган.

Аллахтын наалатына дуушар болгон коркок яхудий аскерлер өз кылмышын жашыруу үчүн, 72 жаштагы аял машинасы менен аларды тебелеп кетүүнү пландаштырганын айтып жатышат.

 Ал эми окуяга күбө болгондордун айтымында, 72 жаштагы аял АЗСке машинасына бензин куюу үчүн келген жана анын аракеттеринде эч кандай шектүү абал күзөтүлбөгөн. Аял машинасынан түшө элегинде аскерийлер ага автоматтан ок атышкан.

 72 жаштагы муслима энебиз мубарак жума күнү аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөндөрдүн экинчиси болду. Бул окуядан бир саат мурда Газа секторунда 23 жаштагы Салама Абу Жамъа да яхудий аскерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here