Сирия кризисин чечүү үчүн Сириядан бир гана официант катышты

265
0

Сирия проблемасын чечүү үчүн Австриянын борбору Венада уюштурулган конференцияда Сириядан бир да өкүл катышпады. Болгону бир гана сириялыкты эсепке албаганда. Ал да болсо маселени чечүү үчүн дүйнөнүн түрдүү мамлекеттеринен келген саясатчылар үчүн официанттык милдетин аткарып жатты.

“Der Postillon” гезитине интервью берген сириялык Низар Хоури конференция өткөрүлүп жаткан мейманканада официант болуп иштегендиги себептүү ыктыярсыз түрдө конференцияга катышкандыгын билдирди. 25 жаштагы Хоуринин айтымында, ал конференция башталышынан мурда Сириядан кимдер келишине аябай кызыккан, бирок конференция башталгандан кийин өзүнөн башка сириялык жок экендигине көзү жеткен.

“Конференцияга чогулган комитет АКШ, Британия, Россия, Кытай, Саудия, Түркия, Мисир, Ирак, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Омман, Ливан, Иордания, Европа Союзу, Франция, Италия, Германия жана БУУ тамсилчилеринен тургандыгы себептүү Сирия эстен чыгып калган болсо керек да”, – деп тамашалашты официант.

Сириялык официант конференция учурунда өз милдетин аткарып жатып, жогорудагы мамлекеттерден келген өкүлдөр Сирияда тынчтыкты сактоо жана мамлекеттин келечегин пландаштыруусу үчүн тилге алган сөздөрдү угуу өтө ажайып экендигин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here