ҮММӨТТҮН РИЖАЛДАРЫ КАЙДА

299
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Расулуллах (с.а.в): «Эки тайпа адамдар бар болуп, эгерде алар түзөлүп-оӊдолушса, адамдар да оңдолушат. Эгерде алар бузулушса, адамдар да бузулат. Алар уламалар жана амирлер», – деген. («Ал-Хиля» китебинде Абу Наъим риваят кылды). Телеканалдардын экрандарында кээ бир уламалар, айрыкча «сарай уламалары» деген атка аябай туура келе турган уламалар көп көрүнгөн сайын мунафиктик, дин жана акыйкат сөздү айтып о.э. акыйкатсыздык жана батылды ачуунун ордуна, залим акимдерге кошомат кылуу, аларды ыраазы кылууга аракеттенүү жана адамдарга кыянат кылуу көбөйүп бара жатат. Бул тууралуу имам Газзалий «Ихяу улумуд дин» («Дин илимдерин жандантуу») деген китебинде мындай дейт:

«… Мына ушулар амри-маъруф жана нахий-мункар кылуудагы о.э. султандар салтанатына кайдыгерлик кылуудагы уламалардын сийраты жана адаттары болгон эле. Алар султандардын салтанатына таянышпады, тескерисинче Аллах Тааланын фазлине таянып, Андан Өз коргоосунда сактоону сурашты о.э. Аллах Тааланын өкүмүнө ыраазы болуп, Андан шейиттикти сурашты. Ниеттерин калыс кылгандыктары себептүү алардын сөздөрү ташта й катып калган жүрөктөрдү эритип жиберди жана катуулукту кетирди. Ал эми азыр болсо ачкөздүк уламалар тилин бекем байлап койду. Натыйжада алар акыйкатты айтуудан сүкүт сакташты, эгерде айта турган болушса да, алардын сөздөрү өздөрүнүн абалын оңдоого жардам бербеди. Натыйжада ийгиликке жетишишпеди. Эгерде акыйкатты айтып, илим акыйкатын максат кылышканда, анда нажат тапкан болушат эле. Демек, жарандардын бузулушу падышалардын бузулушуна, падышалардын бузулушу болсо аалымдардын бузулушуна байланыштуу. Аалымдардын бузулушу аларды мал-дүйнө жана мансапты жакшы көрүү ээлеп алышына байланыштуу. Ошондуктан, кимдин үстүнө дүйнөнү жакшы көрүү үстөм болуп минип алган болсо, эң төмөн адамдарды да ыраазы кылууга кудуреттүү боло албайт. Алар өздөрү төмөн болушуна карабастан, мындай аалымдарга ачууланышат. Ошондой болгон соӊ, падышалар жана улуу адамдарды кантип ыраазы кылышмак эле. Кандай        болгон күндө да Аллахтын Өзү жардам берсин».

Эгерде имам Газзалийдин заманындагы аалымдардын абалы ушундай аянычтуу болгон болсо, анда бүгүнкүлөрдүкү кандай болот?! Бүгүнкү күндүн айрым аалымдары мечит минбарларында туруп алып акимдерди көккө көтөрүп мактап жатышат. Акыйкатты жеткирүүчүлөргө болсо чабуул кылып жатышат. Ошондуктан, даъватчыларга каршы алардын тилдери узун, чектен чыккан залимдердин зулумуна келгенде болсо дудук. Мындай мунафыктыгы акысына ар түрдүү сыйлыктар, тартуу-белектер жана садакаларды алышат. Алардын акимдерди, залим акимдерди кулатып таштоону о.э. Аллахтын Китеби жана Расулунүн Сүннөтү менен өкүм жүргүзө турган, Үммөттү бөлүп турган жасалма чегераларды жок кылып, Үммөттү бириктире турган, кафирлерди Ислам өлкөлөрүнөн кууп чыгарып, тартып алынган мамлекеттерди кайтарып ала турган, Батыштын мусулмандар өлкөлөрүндөгү ар кандай таасирин кууп чыгара турган, талап-тонолгон байлыктарын ээлерине кайтара турган, банктарда жана Батыштын финансылык базарларында  жаткан акчаларды кайтара турган, экономиканы көз карандылыктан куткара турган, маассалык маалымат каражаттарын бузукулуктан, жалгандардан тазалай турган, башкаруу иштерин паракордук жана тааныш-билиштиктен тазалай турган, билим берүү түзүмүн оңдой турган жана тышкы саясатты туура изине сала турган жана башка ушул сыяктуу иштерди кыла турган Халифаны тикелөөнү талап кылып жаткан добушту уккан кезде жандары алкымына келип, чычалап жаткандарын жана акыйкатты жеткирүүчүлөрдүн үстүнө каарын төгүп жатканын көрөбүз. Аларды көргөн адам “өзгөртүү максат кылынып жаткан акимдерден мурда ушул уламалардын өздөрүнөн баштоо керекпи” деп ойлоп да калат. Акимдер да Үммөткө бетме-бет туруп бере албай турган тескери жоопту мына ушул уламалар берип жатышат. Себеби, акимдер түздөн-түз Үммөткө каршы чыгуудан коркушат. Ошондуктан, уламаларды даъватчыларга каршы чыгууга тукурушат, кудум бул акимдин абалы сыртта туруп: «Улуу уламалар, “шейхтер”ге ашыкча сүйлөбөгүлө, себеби алар динди силерге караганда жакшыраак түшүнүшөт», – деп жаткандай.

Эй, уламалар, мечит имамдары!

Силер өз коомуӊарга карата аалымсыӊар жана жашоонун оӊолушу силерге байланыштуу, силерди дүйнө алдап койбосун, бул дүйнө жана анын маталары убактылуу. Түбөлүктүү нерсе болсо, Аллах Тааланын алдындагы нерсе болуп, бул убактылуу нерселерге алданып калбастыгыӊарды насаат кылабыз. Ошондо эки дүйнө кордугунан кутуласыӊар жана эки дүйнө азиздигине жетишесиӊер о.э. Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын чыныгы мураскорлору болуп, Аллах Таала убада кылган чыныгы абройдо жана жогорку даражаларда болсуӊар. Абу Дароъ Расулуллах (с.а.в)дын: “Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, Аллах аны бейиштин жолдорунан бир жолго жолдоп коёт жана албетте, периштелер илим алуучудан ыраазы болуп, канаттарын ага коюшат. Албетте, аалымга жер-асмандагы кимселер жана деңиздин түбүндөгү балыктар да истигфар айтышат. Албетте, абидге (көп ибадат кылуучуга) караганда аалымдын фазли башка жылдыздар арасындагы толгон айдын мисалы сыяктуу жана албетте аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору. Албетте, пайгамбарлар динар жана дирхамды мураска калтырышпаган. Алар илимди мурас калтырышкан, демек, кимде-ким аны алса толук насибе алыптыр”, – дегенин укканмын, деп риваят кылган. Абу Давуд риваяты. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Кыямат күнү үч жолу: пайгамбарлар, андан соӊ аалымдар, андан кийин шейиттер шафаат кылат”, – деди. Усман (р.а)дан Ибни Мажжа риваяты. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Албетте, аалымдардын мисалы асмандагы жылдыздар сыяктуу болуп, кургактык жана деңиздин караӊгы түндөрүндө аларга карап туура жол табылат. Эгерде жылдыздар көрүнбөй калса, жол башчылар да адашып кетиши мүмкүн”, – деген. Анас ибн Маликтен имам Ахмад риваяты. Абу Саиъд ал-Худрий (р.а) Расулуллах (с.а.в)дын: “Абидге караганда аалымдын абзелдиги Үммөтүмө караганда менин абзелдигиме окшойт”, – дегенин риваят кылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын мураскорлору – үйрөнгөн илимдери башкаларга жеткирүүчү жана кандай болсо ошондой бойдон, толук жеткирүүчүлөр. Кыянат кылуучулар мындай сыймыктан куру калышат.

Эй, мусулмандар! Эй, рижалдар!

Куран жана хадис колунда болгон үммөттүн адашууга акысы жок. Болгону ишенимдүү аалымдан Аллах Тааланын өкүмдөрүн үйрөнүп, аны бекем кармашы зарыл. Ыйманын арзыбаган матага сата турган ишенимсиз “сарай аалымдарынан” же байлыкка кул болгон имамдардан өкүм суроого болбойт. Себеби, фасиктин сөзүнүн мааниси жок, күбөлүгү кабыл алынбайт. Анткени, Аллах Таала ушуга буйруган: „Эй момундар, эгерде силерге бир фасик кимсе бирер кабар келтирсе, силер аныктап-текшерип көргүлө!“ [49:6]. Андай аалымдарды жана чыккынчы акимдерди амри маъруф, нахий мункар кылуу важиб. Хузайфа ибн Яман (р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в): «Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, албетте силер маъруфка буюруп, мункардан кайтарасыӊар, же Аллах силерге Өзү тараптан азап жиберет. Ошондон кийин силер Ага дуба кыласыӊар, Ал болсо кабыл албайт», – деген.

Амри маъруф, нахий мункардын важибдигине далалат кылуучу хадистер өтө көп болуп, аалымдарды да, акимди да амри маъруф, нахий мункар кылуу важиб экендигине далалат кылат. Чындыгында, Расулуллах (с.а.в) акимдин ката иштерин четке кагууга буйруду жана бул четке кагууну кудуреттүү болгон ар кандай ыкма менен – кылыч көтөрүү даражасына жетпестик шартына ылайык, қол менен, тил менен т.а. ар кандай сөздөр менен, эгерде кол жана тилде алсыздык кылса, дил менен четке кагууну (ага жылмаюуну эмес, тескерисинче ага капа экендигин, анын иштерине ыраазы эместигин көрсөтүүнү) важиб кылды. Ким четке какпаса, күнөөдө акимге шерик деди. Себеби, “ким акимдер кылып жаткан иштерге ыраазы болсо жана аларды ээрчисе, күнөөдөн таза да, саламат да болбойт” деди. Ошондуктан, ал фарз. Мункар бар болгон соӊ, демек мойнубузда негизги милдет да турат. Мусулмандардын иши мойнунда болгон “имамды”(т.а. жетекчини) амри маъруф жана нахий мункар кылуу – амри маъруф жана нахий мункардын, ал тургай шаръий өкүмдөрдүн таажысыболуп эсептелет. Себеби, бул ишти Аллахка тобокел кылган чыныгы “рижал”дар гана кылышы мүмкүн. Анткени, мында Үммөттүн иштеринин тартипке түшүүсүнө жана өнүгүүсүнө о.э. өзүнүн дүйнө алдындагы милдетин чырайлуу аткарууга кепилдик бар. Ошондуктан, Аллах Таала мындай момунга эң улуу сыйлыкты убада кылып жатат. Расулуллах (с.а.в): “Шейиттердин саййиди – Хамза; о.э. залим акимге каршы туруп, аны маъруфка буюруп, мункардан кайтарган, кийин залим аким аны өлтүрүп жиберген киши, – деген.

Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын чыныгы мураскорлору болгон мужтахид жана аалымдарды Пайгамбарыбыз (с.а.в)ды жакшы көргөндөй жакшы көрүп, алардын акысына дуба кылышыбыз, зыяндар жана балээлерден коргошубуз, ар дайым жардам беришибиз жана ар бир ишибизде аларды жол башчы кылып, алардын сөзүнөн чыкпашыбыз керек. Себеби, ошондо гана биз да чыныгы момун болобуз о.э. сыноо дүйнөдөн ийгиликтүү өтөбүз. Убада Ибн Сомит (р.а) риваят кылган хадисте Пайгамбар (с.а.в): «Жашы улууларды улуулабаган, кичинелерибизге ырайым кылбаган жана аалымыбыздын акысын билбеген адам менин үммөтүмдөн эмес», – деген. Расулуллах (с.а.в): “Албетте, Аллах илимди пенделеринен сууруп алып коюу менен жок кылбайт, бирок, илимдүү аалымдарды алып коюу менен жок кылат, ал тургай эгерде бир да аалымды калтырбай турган болсо, адамдар өздөрүнөжахилдерди жетекчи кылып алышат. Демек, алардан бирер нерсе суралса, илимсиз фатва беришет. Натыйжада өздөрү да адашат жана башкаларды да адаштырышат”, – деген. Имам Бухарий риваяты. Пайгамбарыбыз (с.а.в):“Албетте, аалымдардын мисалы асмандагы жылдыздар сыяктуу болуп, кургактык жана деңиздин караӊгы түндөрүндө аларга карап туура жол табылат. Эгерде жылдыздар көрүнбөй калса, жол башчылар да адашып кетиши мүмкүн” – деди. Анас ибн Маликтен имам Ахмад риваяты. Абу Саиъд ал-Худрий (р.а) Расулуллах (с.а.в)дын: “Абидге караганда аалымдын абзелдиги Үммөтүмө караганда менин абзелдигиме окшойт”, –  дегенин риваят кылган.

Бул аалымдар катарында шаръий өкүмдү жеткирүүчү ар бир даъватчы өз коомуна карата кандайдыр мааниде аалым жана Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын мураскорлорунан болот. Расулуллах (с.а.в): «Менин сөзүмдү угуп, аны жаттап, аны жеткирген пенденин жүзүн Аллах жарык кылсын. Ушундай бир фикхти жеткирүүчү бар болуп, ал факих эмес. Ушундай бир фикхти жеткирүүчүлөр бар болуп, алар фикхти өзүнөн жакшы биле турган кишилерге жеткиришет», – деген.

Ибн Ихак айтат: «Мадиналыктар кайтып жатканда Расулуллах (с.а.в) аларга Мусъаб ибн Умайрды кошуп берди. О.э. аны аларга Куран окуп берүүгө, Исламды үйрөтүүгө жана динде билимдүү кылууга буйруду. Ошол себептен улам Мусъаб Мадинада «Куран окуп берүүчү» деп аталат болчу. Ал Асъад ибн Зуроранын үйүндө турду. Адамдардын үйлөрүнө, урууларга барып, аларды Исламга даъват кылып жана Куран окуп берет эле. Натыйжада адамдар бир-бирден ыйман келтирип, акыры Ислам Мадинада жүзөгө чыгып, (Авс уруусунун Хатма, Ваил жана Вакиф үй-бүлөлөрүнөн башка) ансарийлердин барды үйлөрүнө кирип барды». Ага кулак салуунун натыйжасында бир жыл өтпөстөн Мадина коому Исламий мамлекет тикелөөгө ылайыктуу диярга айланды. Алардан Аллах Таала жана Расулу ыраазы болуп, өз Китебинде мактаган, тээ Кыяматка чейин мусулмандар салату-саламдар жолдой турган ансарийлер болушту. Ал эми Меккеде болсо, Расулуллах (с.а.в)га да кулак салышпады. Аны жиндиге чыгарышып, өтө көптөгөн зыяндарды жеткиришти. Аны өздөрүнө башчы кылунунун ордуна Меккеден кууп чыгарышты. Аларды фатх кылып, күч менен Исламды жеткиргенге чейин жахилдик баткагына батышып, наадандык зулматтарында күндөрдү өткөрүштү. Расулуллах (с.а.в)га кулак салбаганы үчүн жахилдер жана акмактар болуп тарыхта калышты. Бүгүнкү күндөрдө да тарыхтагыдай иштер болууда. Мисалы: Мисирде чыныгы аалымдарга ээрчибей, демоқратия негизиндеги АКШны ыраазы кыла турган келишүүчү “аалымдар”га кулак салышты. Алар көпчүлүктү адаштырышты, Мисирдин кара күндөрүн ого бетер узартышты.

Кыскасы, келечегибиз өзүбүзгө, айрыкча Үммөттөгү рижалдарга байланыштуу болуп, эгерде куфрду ыраазы кыла турган чыккынчы аким жана аалымдарга кулак салууну улантсак, аларды тергеп-тескебесек, Аллах Тааланын эскертмелеринен жүз үйрүсөк анда эки дүйнө кордугуна акылуу болуп калабыз, Аллах сактасын. Аллах Таала айтат:

فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلا يَضِلُّ وَلا يَشْقَى ۩ وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضنكاً

“Ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн тар – бактысыз турмуш болот ”. [20:123-124].

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here