Коргоо министрлиги терроризмге каршы күрөш үчүн кыска мөөнөттүү келишимдерди түзүүнү сунуштоодо

259
0

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрынан баштап Сирияда авиа чабуулдарын баштаган орус өкмөтү кургактыктагы аскерий аракеттерди да кеңейтүүгө аракет кылып калды. Бул согушка аскерлерди тартуу үчүн Россия өкмөтү алгач Луганск жана Донецкте согушкан жарандарына үйлөрүнө кайтуу үчүн оболу Коргоо министрлиги менен Сирияга баруу боюнча келишим түзүү талабын койгон эле.

Кийинчерээк орус өкмөтү өз кылмыштарына ЖККУга мүчө мамлекеттерди да шерик кылуу максатын ачыктады.

ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков ЖККУ тынчтык орнотуучу күчтөрү ушул уюмга мүчө мамлекеттерде эле эмес, БУУнун токтому негизинде башка мамлекеттердин аймагында да “тынчтыкты сактоо боюнча” жүргүзүлүп жаткан операцияларга кошулуусу мүмкүн экендигин билдирген болчу.

Бүгүнкү күнгө келип болсо, Россия коргоо министрлиги терроризмге (Исламга) каршы согушка катышууну каалаган аскерий кызматкерлер үчүн келишим мөөнөтүн кыскартуу сунушун көтөрүп чыкты.

“Жалпы аскерий милдет жана аскерий кызмат туурасында”гы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбооруна киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, аскерий кызмат өтөөнү каалагандар алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө келишим түзүшү мүмкүн болот.

Жаңы мыйзам долбоору милдеттүү кызмат өтөп жаткан аскерий кызматкерлерге жана запаста турган жарандарга – өзгөчө кырдаал же аскерий абалда, жаӊжалдар учурунда о.э. Россия тышкарысындагы эл аралык терроризм ишмердүүлүгүнө чек коюу боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн Коргоо министрлиги менен алты айдан бир жылга чейинки убакытка келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Учурдагы мыйзам боюнча, аскерий кызматты өтөө туурасындаги биринчи келишим эки, үч же беш жылга түзүлөт.

Коомдук талкуу 16-ноябрга чейин уланат. Мыйзам долбоорунун 2016-жылдын август айынан баштап күчүнө кириши күтүлүүдө.

Туркистон:

Путин Россияны бүтүндөй кыйроого алып бара турган багыт менен аракеттенүүнү улантып жатат. Россияны эле эмес, ЖККУ жана КМШ сыяктуу уюмдарга мүчө болгон мамлекеттерди да бул согушка тартуу үчүн астейдил чакырык жана басым өткөрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстанда да Россия тарабынан киргизилген бул сунуштун үстүндө кызуу талкуулар жүрүп жатат. Какчекеев сыяктуу бир катар саясий серепчилер бул сунушту колдогон сөздөрдү айтышса, башка бир катар саясатчылар же коомдук ишмерлер “бул согуштан четте турушубуз керек” деп жатышат. Өкмөт болсо жарандардын бул ишке болгон мамилесин күзөтүп турат.

Россия Темир Сариевди премьер-министр кызматында кармап калуу ниетинде. Сариев жарым жылдын ичинде премьер-министр кызматында туруп, Россиянын бир катар кызыкчылыктарын ишке ашырууда өзүн көрсөттү. Ал АКШ менен 1993-жылы түзүлгөн келишимди денонсация кылуу т.а. бир тараптуу андан чыгуу туурасындагы долбоорду ишке ашырды. 12-октябрь күнү № 50 абакта ишке ашкан операцияны уюштуруу иштери да анын кол астындагы структуралар тарабынан ишке ашырылды. Парламентте түзүлүп жаткан жаңы қоалициянын фракциялары Сариевдин талапкердигин дагы кайрадан премьер-министрликке көрсөтүп жатышат. Демек, Россия Кыргызстандагы таасирин күчөтүү үчүн катуу аракет кылууда.

Бирок, 2016-жылдын жарымына барып Россиянын экономикалык кризиске дуушар болушу анык экендигин Финансы министрлери да расмий түрдө моюнга ала башташты. Путин күтүлүп  жаткан экономикалык кризис саясий бороонго айланып кетишинин алдын алуу максатында Россияны согушка тартып жатат. Ал Россияны күтүп жаткан бардык кыйынчылыктарга согушту себепкер кылып көрсөтүп коймокчу. Путинди Россияны күтүп жаткан абалдар анчалык эле кызыктырбайт. Кыргызстан сыяктуу тышкы мамлекеттин абалы болсо, аны таптакыр кызыктырбайт.

Кыргыз өкмөтү болсо, өз саясатын Россияны ыраазы кылуу о.э. АКШны да бир аз ыраазы кылуу негизинде калыптандырып жатат. Алар мамлекеттин кызыкчылыктарын дээрлик эсепке алышпайт. Болгону “жарандардын козголуп кетишинен этият болгон чегарада, ири мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоо керек” деген пикрий багыт негизинде иш жүргүзүшөт. Себеби, дүйнөлүк саясат жана система Кыргызстан сыяктуу мамлекетчелердин жетекчилери бийликте турушун колонизатор мамлекеттердин ыктыярына байлап берди.

Кыргызстандын бул согушта Россияга шериктеш болушу өтө кооптуу. Бул согуш Россияны жетекчи мамлекеттер катарынан төмөн түшүрүп жибесе, же ашып барса аны бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберсе, ал эми Кыргызстанды болсо андан он эсе жаман абалга алып барат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here