Силерге эмне болду? Кандай өкүм чыгарып жатасыӊар?

326
0

Басма сөз баянаты

Силерге эмне болду? Кандай өкүм чыгарып жатасыӊар?

4442015-жыл, 17-октябрь күнү Мусулман Уламалары Эл аралык уюмунун Россиядагы мүчөлөрү тарабынан берилген билдирүү маалымат каражаттарында жарыя кылынды. Анда мындай деп келген: «Биз Мусулман Уламалар Эл аралык уюмунун электрондук сайтында жарыя кылынган билдирүү менен тааныштык. Бул билдирүүдө мусулмандарга, араб калктарына жана жетекчилерине, мусулман уламаларына жана бүт дүйнөгө кайрылуу болуп, аларды Россиянын Сирия иштерине аралашуусун каралоого о.э. бузуку кылмышкер Башар өкмөтүнөн кутулуу жолунда жүргүзүлүп жаткан согушта Сирия калкын колдоп-кубатттоого чакырылган». Ошондон кийин, сайтта уюмдун ушул чакырыгына карата «орус мүчөлөрүнө кабар берилбеген жана алар менен кеӊешилбеген» деген сындар пайда болду. Россия өзүнүн Сирияга бомба жаадырышын “ИШИМ уюмуна каршы күрөш” деп актады о.э. өзүнүн Исламий Үммөттүн досу, бүт дүйнөнү Батыш карамүртөздүгүнөн, терроризмден коргоочу экендигин дааба кылды.

Бул сындагандар Россия мусулмандарынан кеӊеш суроону Уламалар союзунан талап кылып жаткандыктан, аларга төмөнкү суроолорду бермекчибиз:

Беш жылга жакын убакыттан бери Асад тарабынан атайын жазаланып жаткан, эми болсо орус бомбаларына дуушар болуп жаткан Сирия калкы мусулман эмеспи? Бул калк тогуттун терроруна жооп иретинде көчөгө чыкты жана тынч демонстрация баштады… Ал эми Асад каракчылары аларды кыргын кылып, кыйноого салды… Ко-ош, алардын курал көтөрүшүнө Асаддын ушул кылмыштары себепкер эмеспи?

Анын бейкүнөө мусулмандардын канын дарыя кылып агызышы адамдарды колуна курал алып ушул кылмышкерден коргонууга мажбурлады, бирок, алар террорчу деп аталышты. Ошондон кийин Сирия калкы режимдин террорунан кутулууну каалады жана өлкөдө Аллахтын шарияты менен башкарууну талап кылды… Ко-ош, буга ИШИМ уюмунун кандай тиешеси бар? Анык көрүнүп тургандай, Асаддын куралдуу топтору ИШИМ уюмуна каршы согушуп жаткан жок, орус учактары да Идлиб жана Хаманы т.а. ИШИМ жайгашпаган жерлерди бомбалап жатат. Силер болсо, эй сынчылар, кандай өкүм чыгарып жатасыӊар? Эскертме-сабак алсаӊар болбойбу? Аллах Таала мындай деди:

وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ إِنَّكَ إِذًا لَمِنَ الظَّالِمِينَ

«Силерге ачык кабар келген соӊ, силер алардын напис-каалоолоруна ээрчисеӊер, анда, албетте залимдерден болосуӊар»                      [2:145]

Силер Кремлдин кылмышын актап, Батышты айыптап жатасыӊар. Бул бомбалоо Америка менен Россия ортосундагы келишүү негизинде болуп жатканын кантип эле билбейсиӊер? Мисалы, Шамга кылынган авиа чабуул Путин менен Обаманын жолугушуусунан бир күндөн кийин башталды. Россиянын тышкы иштер министри Лавров да: «Асад режими кулатылып, Халифалык тикеленишине жол беришибиз мүмкүн эмес», – деди. Сирия калкынын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө болгон аракеттери «Женева-1» жана «Женева-2» корференцияларында кабыл алынган келишимдерди жокко чыгарды. Ошондон кийин Американын аларга бирер жаңы жетекчини тыгыштырууга болгон бардык аракеттери натыйжа бербеди. Ошондо америкалыктар орустардан ыпылас рол ойноп берүүнү суроого токтом кылышты. Себеби, жаңы илманий режим үчүн бирер куралдуу оппозиция жасап берүүгө аракет кылышып, мында да ийгиликке жетише албаган болчу.

Бүгүн Батыш да, орустар да мусулмандарга каршы согушуп жатат. Алардын максаты козголоңчуларды Сириянын илманий келечеги үчүн келишимдерге мажбурлоо.

Силер өзүӊөрдү уламалар деп билесиӊер? Ошондой болгон соӊ, эмне үчүн залимдер кербенине кошулуп жатасыӊар. Себеби, силерде акыйкатты айтуу деген уламалардын кайраты жок. Аллах Таала мындай дейт:

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

« Зулум жолун карманган кимселерге берилип кетпегиле. Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахтан өзгө бир да дос жок. Кийин (т.а. залимдерге ээрчисеңер) силерге жардам берилбейт»                                                                                                                 [11:113]

Ар ишке кудуреттүү болгон Аллахтан коркккула, мубарак Шамдагы бейкүнөө мусулмандар каны төгүлүшүнө шерик болбогула. Себеби, бардык иш-аракетиӊер өз барагыӊарга жазылат жана бир мусулманды өлтүрүүгө кыйыр түрдө болсо да жардам берген кимсеге Аллахтын жазасы өтө катуу болот. Тогуттарга жардам бербегиле, Аллахтын шариятын колдонуу шарт экендигин жашырбагыла, Сирия калкына кыянат кылбагыла, алар ансыз деле көптөгөн кыйынчылыктарды көрүп жатышат. Аллах Таала мындай деди:

إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنْزَلْنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَى مِنْ بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ أُولَئِكَ يَلْعَنُهُمُ اللَّهُ وَيَلْعَنُهُمُ اللاعِنُونَ. إِلا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَبَيَّنُوا فَأُولَئِكَ أَتُوبُ عَلَيْهِمْ وَأَنَا التَّوَّابُ الرَّحِيمُ

«Аллах түшүргөн Китептен аяттарды жаап-жашырып, аны арзан баа нерселерге алмаштыра турган кимселер курсактарын жалаң от менен толтурушат, аларга Кыямат күнүндө Аллах сүйлөбөйт, карабайт жана аларды(күнөөлөрүнөн) арылтпайт. Алар үчүн жан чыдагыс азап бар. Мына ошолор хидаят ордуна залалатты, магфираттын ордуна азапты сатып алгандар. Алар тозок отуна кандай чыдашат?»                                                                                                 [2:174-175]

 

Хизб ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Расмий сайт: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here