Россия Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси СНГ мамлекеттерин террорго (Исламга) каршы күрөштө Өзбекстандын тажрыйбасынан пайдаланууга чакырды

266
0

Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күндөн-күнгө күчөтүп бара жаткан Путин режими бул күрөштү Борбор Азия республикаларына да жаюуга аракет кылууда. Бул максатын ишке ашыруу үчүн болсо орус өкмөтү “ИШИМ” уюму коркунучунан пайдаланууга олуттуу көӊүл буруп жатат. Путин режими Афганистанда “ИШИМ” күчөп бара жатканын тынымсыз айтуу жолу менен Борбор Азия мамлекеттери жетекчилерин коркутуу аркылуу алардын ансыз деле Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан күрөштөрүн ого бетер күчөтүүгө үндөп, керек болсо басым да өткөрүп келе жатат.

28-октябрь күнү Москвада болуп өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук мекемелеринин жетекчилеринин 39-жыйынындагы негизги тема да эл аралык терроризмге каршы күрөштү ылайыкташтырууга арналды.

Жыйынга төрагалык кылган Россия Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников дагы бир жолу Афганистандын Борбор Азияга чектеш аймактарында Талибан жана аны менен кызматташып жаткан “ИШИМ” уюмунун согушкерлери көбөйгөнүн, террорчулардын чегарадан өтүп, регионго чабуул кылуу коркунучу күчөп бара жатканын баса белгилеп, КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук  кызматтары террорчуларга о.э. алардын шериктерине каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн өз ара маалымат алмашууну жолго коюшу керектигин айтып өттү.

“Террорчулардын өздүк маалыматтары, алардын пландары жана шериктери боюнча разведкалык маалыматарды алмашуу ишин күчөтүү зарыл”, – деди Александр Бортников.

 Мындан тышкары, Россия Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников кудум Путин режими сыяктуу эле террорист дегенде мусулмандары гана түшүнө турган жана мусулмандарга каршы душмандык менен күрөшүп жаткан Өзбекстан өкмөтүн алкыштап, бул режим террорго (Исламга) каршы күрөштө “пайдалуу тажрыйба тажрыйба топтой алгандыгын” айтып, КМШга мүчө башка мамлекеттерди да бул тажрыйбадан пайдаланууга чакырды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here