Керри Саудия королу Салман менен жолугушту

262
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда король Салман ибн Абдулазиз менен жолугушту. Бул тууралуу Саудия өкмөтүнө караштуу “SPA” маалымат агенттиги билдирди. Тараптар ортосунда региондогу кырдаал, айрыкча Сирия жана Палестина проблемасы талкуулангандыгы айтылууда.

Эки тарап теӊ Сириядагы муътадил (демократиялык башкарууну жактай турган) оппозициялык топторго жардамдарын күчтө тургандыктарын жана ошону менен бир катарда саясий чечим издөөдөн да баш тартпастыгын билдиришти. Бирок, Сириядагы муътадил оппозицияга бериле турган жардам эмнелерден турушу жөнүндө эки тарап теӊ ооз ачпады.

Керри Жакынкы Чыгыш сапарында король Салман менен жолугушкандан кийин Саудиянын мураскор шахзадасы жана ички иштер министри шахзада Мухаммад ибн Найиф ибн Абдулазиз менен да жолугушту.

Король Салман жана Жон Керри Палестина маселесин талкуулап  жаткан убакта куралсыз жаш кыздарды өлтүрүүнү адат кылып алган Израилдин “эр жүрөк” аскерлери дагы бир палестиналык жаш кызды адамдардын көз алдында атып өлтүрдү. Ал-Халил шаарында жайгашкан масжидул-Иброхимдин жанында Израиль аскерлери тарабынан ок атылган 18 жаштагы муслима кыз мурдагы мазлумалар сыяктуу эле жаны үзүлгөнгө чейин кансырап жатууга мажбур болду. Бирер адамдын ага жардам беришине яхудий аскерлери жол бербеди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here