Обаманын 2015-жыл 18-19-февралда Вашингтон конференциясындагы доклады

316
0

Ал биринчи докладын тышкы иштер министрлигинин башкы штабында, экинчи докладын болсо Ак үйдө жасады. Эки докладды теӊ 80ге жакын мамлекет жана уюмдан келген делегациялардын алдында жасады. Эки докладдын мазмуну дээрлик бири-бирине жакын. Ошондуктан, алардын бирин көрүп чыгуунун өзү жетиштүү. Бирок, биринчи доклад кененирээк.

Төмөндө экөөсү үчүн эки робитаны тез котормо менен сунуштайбыз:

https://www.youtube.com/watch?v=BqQD06HjmcU

https://www.youtube.com/watch?v=hit8P-j1Tyo

Обама БУУнун башкы катчысына жана өкмөттөрдүн өкүлдөрүнө жүздөнүп, докладын текебердик менен баштады. Ал Америка эки кылым мурда пайда болгондон баштап коркутууларга дуушар болуп келгенин жана ар дайым алардан үстөм болуп келгенин айтты. Ошондон кийин ал катышуучуларга Америка жана анын калкы тууралуу бир ишти сүрөттөп, алардын көз алдында анык-тунук болушун каалай тургандыгын айтып, мындай деди: “Менин көз карашым төмөнкүдөй: Биз америкалыктар катары күчтүү жана кайраттуубуз. Ошондуктан, кырсык сокку берген жана соккуга учураган убакта баарыбыз биригип аракет кылабыз жана өздүгүбүздөгү эң жакшы нерселерди жүзөгө чыгарабыз… Биз дагы бутка турабыз, кайрадан курабыз, түзөлөбүз жана мурункудан да күчтүүрөөк болобуз. Мына ушул нерсе биздин баа жеткис байлыгыбыз”. Ошондон кийин Обама бүгүн коркунуч дүйнөнүн бардык жерлеринде, Ирак, Сирия, Сомали, Нигерия, Франция, Дания … да сокку берип жаткан, жийиркеничтүү көрүнүштө өлтүрүп  жаткан жана өрттөп жаткан ал-Каида жана ИШИМ ишке ашырып жаткан террор экендигин айтты. Ошондон кийин ал өзүнүн учурда Америка кызыкчылыктарына кызмат кыла турган кеңири алкактагы союздарды жана шерикчиликтерди түзүүгө жетишкендигин билдирип, мындай деди: “Мына ошол коркунучтардын бири ал-Каида жана  ИШИМ тарабынан кылынып жаткан террорчулук коркунучтарынан турат. Бирок, бул биздин өзүбүз эле учурап жаткан коркунуч эмес, тескерисинче бүт дүйнө дуушар болуп жаткан коркунуч. ИШИМ Ирак жана Сирия калкын коркутууда баштарын кесип, адамдарды тирүүлөй өрттөп, көптөгөн жырткычтык иштерди кылууда… Биз террорчу уюмдарды зыянсыздандыруу жана Америка калкын коргоо үчүн союздаштар, шериктер жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз”.

Демек, Обама Америка калкын коргоо үчүн о.э. “терроризмге каршы күрөш” деген чүмбөт астында Исламга каршы күрөшүү үчүн жана террорчу уюмдарды зыянсыздандыруу үчүн бүт дүйнөнү, ошону менен бирге Исламий дүйнөнү да ишке салмакчы. Бул иш болсо Обаманын ушул иш негизделиши керек болгон чекиттерди жана кеңири пландарды баян кылышын талап кылат. Ал бул докладда Американын “терроризм жана экстремизм”ге каршы күрөштөгү стратегиясынын баяны бар экендигин да түшүндүрөт. Арийне, анда Обама уктуруп, бөлүштүрүп жаткан  буйруктар, милдеттер жана сунуштар бар.

Обама алгач “терроризм”ге аскерий сокку берип аны жок кылуу зарыл экендигин уктурат. Ушундай максатта, Америка афган күчтөрүн – бул күчтөр мына ушул ролду аткарышы үчүн – машыгуудан өткөргөнүн, Иракта да ушундай кылганын, бардык жерде ушундай болушу зарыл экендигин айтты. Себеби – деди ал – тынчтыкты сактоо бардыгынын жоопкерчилиги. Обама докладын тыӊдап жаткандарга өзүнүн “терроризм”ге каршы күрөшүп ага сокку берүү үчүн бүт дүйнөдө жакшы кабыл алууга күбө болгонун билдирип, мындай деди: “Бул коркунучтагы татаалдыктарды жана душмандын табиятын эсепке алсак, демек биз салттуу эмес армия менен мамиледе болуп жатабыз. Ошондуктан, биз ишке ашырып жаткан иш белгилүү бир убакытты жана сергектикти талап кылат… Эки он жылдыкта биз көп нерсеге жетиштик, ошондуктан, муну уланта беребиз. Мага бул ишенимди бере турган нерселердин бири – мына ошол террорчу топторду тамыры менен курутууга эл аралык коомчулук билдирип жаткан мамиле…”. Ошентип, демек Обама өзүнүн стратегиясындагы мына ушул жок кылуучу аскерий тарапка басым жасап аны баса белгилеп жатат. О.э. бул нерсе дүйнөдөгү, айрыкча Исламий дүйнөдөгү мамлекеттерден талап кылынып жаткан иш экендигин баса белгилеп жатат.

Обама өзү жана анын тарапкерлери таасири бар жана кооптуу деп билген бир фикратка каршы күрөшүү зарыл экендигин баса белгиледи. Ал “Америка жана Батыш Исламга каршы согушуп жатат” деген фикрат. Обама ушуну баса белгилеп мындай деди: “Исламий кооомдор, ошону менен бир катарда алардагы диний жетекчилердин мойнунда диний пикирлерди туура эмес жайып түшүндүрүүнү четке кагуу менен бир катарда, бул хазараттар ортосундагы кагышуу, Батыш же Батыш жана бүт дүйнө Исламга каршы согушууда же Жакынкы Чыгыштагы бардык оорулар жана илдеттердин себепкери Америка деп түшүндүрүүгө болгон аракеттерди да четке кагуу жоопкерчилиги турат”. Обама бул маселе террор маселеси эмес, тескерисинче сакафат, пикир жана ишеним-эътикад маселеси экендигине этибарды каратып мындай деди: “Бул иш террорчу уюмдардын алкагынан да ары өтүп кетет. Себеби, ал террорчулардын өз идеологияларын курууга үндөй турган негиз болуп калды”. Ошондон кийин, ал мындай деди: “Бу жерде Жакынкы Чыгыш менен Батышты өз ара жамдай турган бир тарых бар. Биздин эч кимибиз саясаттарды ар кандай сындоого тоскоол боло албайбыз. Бирок, “батыш Исламга каршы согушууда деген фикрат” туура эмес фикрат. Ошондуктан бул фикратты четке кагуу баарыбыздын жоопкерчилигибиз”.

Обаманын сөздөрү анын алдында угуп тургандарга – алардан талап кылынган милдет аткарылышы үчүн – берилип жаткан көрсөтмөлөр экендиги, алар ушуга тиешелүү пландарды жана саясаттарды иштеп чыгып аткарууга киришүүсү керектиги анык көрүнүп турат. Исламий коомдор жана мусулмандардын диний жетекчилеринин мойнуна Обама “Батыш жана Америка Исламга каршы согушууда” деген пикирлерди жок кылуу милдетин да жүктөп жатат.

Россия, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин Ислам жана мусулмандарга карата акыркы жылдарда жүргүзүп жаткан саясаттары жогорудагы Обаманын докладындагы багытка кандай үндөш жүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. Куфрдун жогорудагы дүйнөлүк стратегиясына ылайык, Тажикстан жана Россияда исламий идеология негизинде күрөшүп жаткан Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүнө каршы алардын күрөшү күн өткөн сайын күчөп барууда. Бирок, бул зулумдарга карата Батыштын маалыматтык машинасынын же адам укуктары уюмдарынын мамилеси жана аралашуусу дээрлик жок сыяктуу. Бул репрессивдик аракеттердин бирөө-жарымына карата бул демократия сакчылары тарабынан – татыктуу баа берүү же натыйжалуу таасир өткөрүү үчүн – олуттуу аракет болбоду.

Ооба, Хизб ут-Тахрир: “Дүйнөлүк система Америка башчылыгындагы бир ууч колонизатор мамлекеттердин кол астында. Алар мамлекеттерди алсыратат. Андан соӊ бир ууч кыянатчы жетекчи топторду сатып алуу менен бүтүндөй мамлекеттерди колония кылып алышат. Андан кийин, ал жетекчи мамлекеттер дүйнөлүк саясаттагы өздөрүнүн даражасы өзгөрүшүнө карай, бири-биринен кол астындагы колония мамлекеттерди тартып алуу үчүн аракеттерди кылышат. Дүйнөдөгү дээрлик бардык проблемалар жана согуштар АКШ сыяктуу куфр жетекчи мамлекеттери тарабынан, жогоруда көрүп турганыбыздай, фитна козгоо жана басым өткөрүү саясаты негизинде ишке ашат”, – деп билет.

Дүйнөдөгү бардык проблемалар Батыш колонизаторлору жүргүзүп жаткан ыпылас саясаттардын натыйжасында кичинекей жана алсыз мамлекеттердин жарандары алардын кол астында эзилип кор-зар абалда күн өткөрүп жатканы эч кимге сыр болбой калды. Болгону Хизб жигиттери Обама айтып жаткандай, Америка жана Батыш Исламга каршы күрөшүп жатканын ачык айтып, бул адилетсиздикке каршы идеологиялык күрөш жүргүзүүдө. Хизб бул идеологиялык күрөштө Американы жеӊди. Эми Америка мусулмандар арасындагы малайларын мажбурлап ишке салмакчы.

Бул жерде проблема төмөнкүдөй, Ислам алар ойлогондой ачык куфрду коргобойт. Ал тургай, ар кандай таврия кылып бурмалап жиберишкенде да исламий нусустар куфрду коргой албайт. Ошондуктан, куфр жетекчилери бизди башкарып жаткан кыянатчы жетекчилерибиздин бизге каршы ар кандай маддий зомбулуктарын жашыруун же ашкере түрдө финансылык жактан колдоп келе жатышат.

Тыянак кылып айтуу мүмкүн болгондой, куфр Исламга каршы идеологиялык күрөштө бүтүндөй жеӊилип болду. Эми ал мусулмандарды күч менен токтотуу үчүн майданга өзү чыгууга мажбур болду. Бирок, ал жана анын кызматындагы дөбөттөрү дагы деле террорчулар, экстремисттер сыяктуу жомокторду байрак кылып көтөрүп жүрүшөт. Аллахтын нусраты жакындаган сайын куфр кутура берет. Бул нерсе Ислам тарыхынан белгилүү болгон Пайгамбарыбыздын сийраты болуп эсептелет. Бул болсо, биз ушул сийрат негизиндеги сүннөт менен варид болгон тарыйкат жолу менен бара жатканыбызды түшүндүрөт, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here