АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри Орто Азия сапарын баштады

253
0

hizb-turkiston.net

29-октябрдан 3-ноябрга чейин Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттерине АКШ мамлекеттик катчысы Джон Керринин расмий сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин расмий сайты кабар таркатты.

Мунун артынан Кыргызстанга америкалык финансист, миллиардер  Жордж Соростун да келиши тууралуу “Сорос – Кыргызстан” фондунун директору Шамиль Ибрагимов билдирди. Анын айтымында, Сорос өзүнүн фондунун жумушчу коллективи жана көзөмөлчү союздун өкүлдөрү менен жолугушат. Расмий өкмөттүк адамдар менен жолугушпайт. Сорос өзүнүн сапары алкагында Кыргызстандагы фондунун стратегиялык багыттарын талкуулайт, – деди Ибрагимов.

Мындан бир аз мурда т.а. 26-октябрь күнү Кыргызстанга Япониянын премьер-министри Синдзо Абе келген эле. Ал да Борбор Азия мамлекеттери бойлоп Япония тарыхында биринчи жолу сапар уюштурду. Премьер-министр Кыргызстанга 135 миллион садака берүүгө убада кылып кетти. Бирок, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстан мамлекеттери менен кызматташтыкта өз ара кызыкчылыктуу келишимдер талкууланып, натыйжада аларга кол коюлду. Синдзо Абе өзү менен алып келген 50 дөн ашуун ири бизнесмендер жардамында жогорудагы Борбор Азия мамлекеттери менен бир нече чоӊ жана кичине долбоорлорду талкуулашып, жалпы көлөмү 17 миллиард доллардык инвестиция жаткыруу туурасындагы келишимдерге кол коюлду.

Эми болсо, Керри жана Соростор кирип келишти.

Борбор Азия аймагы АКШ, Россия жана Кытай мамлекеттери ортосунда дагы кайрадан кызуу талаш-тартыш майданына айланып барууда. Япония болсо илгертеден эле Кытай менен атаандаш болуп келген. Анын Борбор Азия мамлекеттериндеги экономикалык келишимдери негизинен Кытайдын кызыкчылыктарына сокку берүүгө каратылган. Бирок, япондордун артында да, Соростун артында да АКШнын кызыкчылыгы, колдоосу жана катышуусу бар. АКШ болсо, Россияны Сириядагы согуш баткагына батырып жиберип, эми анын кол астындагы өлкөлөргө айла-амал менен чабуул кылып баштады. АКШ Борбор Азия аймагында күчтөр балансын орнотуп алмакчы. Т.а. Россия (ЖККУ) уюму астында Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттерин коргоо милдетин мойнуна алган, АКШ болсо Өзбекстан жана Түркмөнстан мамлекеттерин коргоого алууну пландаштырат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here