Нью-Йорктогу чиркөөлөрдүн биринде “тазаланбаган” өспүрүмдү таяктап өлтүрүштү.

279
0

 Нью – Йорк  шаарындагы «Өмүр сөзү»  (Слово жизни) чиркөөсүнүн алты зыяратчысы 19 жаштагы Лукас Леонардонун өлүмүндө айыптуу деп табылышты. Бул тууралуу NY Daily News  гезити кабар таркаткан. Анын ата-энеси жана улуу эжеси Сара да ушул кылмышка шектүү адамдардар катары жарыя кылынган.

Окуя мындай болгон. Жекшемби күнү 19 жаштагы Лукас жана анын 17 жаштагы иниси Кристоферди  алардын ата-энеси чиркөөгө алып келишкен. Эки өспүрүмдөн күнөөлөрүн моюнга алуу,  кылмыштарын бир четинен айтып тазалануу талап кылынган. Бирок, экөө бул нерсеге  макул болушпаган. Ошол себептен улам адамдар топтолушуп, эки жигитти таяктап салышкан.

Маалымат жыйынында полиция өкүлдөрүнүн бири  Майкл  Инсерра окуяны ачыктап, адамдар бир нече саат бою  аларды шылдыӊдап күлүшкөндүгүн жана  күнөөлөрү тууралуу маалымат берип кечирим суроону талап кылышкандыгын айтып берди.

Жигиттер  өтө оор жараат алышкан, айрыкча алардын ички органдарына, жыныстык мүчөлөрүнө жана омурткасына зыян жеткен. Эгерде Лукас  оор абалга түшүп калбаганда бул  иштен эч ким кабарсыз болуп калат эле. Үйүнө кайтып келгенден кийин Лукас аянычтуу абалга түшүп калган, натыйжада анын ата-энеси тынчсызданып ооруканага алып барышкан. Бирок, катуу жана тынымсыз соккулар себептүү пайда болгон  жарааттарын дарылоонун мүмкүнчүлүгү болбостон, ошол эле күнү Лукас көз жумган.

Иниси Кристофердин кайда экендигин ата-энеси жашырып айтпай жатышкан, кийинчерээк аны чиркөөнүн экинчи кабатында оор абалда жаткан жеринен таап алышты. Ал тездик менен ооруканага жаткырылып, учурда дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн аракет кылып жатышат. Алардын ата-энеси Брюс жана Дебора Леонард камакка алынды.  Алар адам өлтүргөндүктө айыпталып жатышат. Эжеси Сара жана чиркөөнүн үч  зыяратчысы балдардын денесине зыян жеткиргендиктери себептүү кылмышка катыштыгы бар адамдар катары кармалышты.

Аймактык прокурор Скотт Макнамара кылмыш боюнча пикирин билдирип:“ Биздин оюбузча алар баланы өлтүрмөкчү болушкан эмес, болгону ден-соолугуна олуттуу зыян жеткиришкен, бирок, алган жарааттары себептүү ал ооруканада көз жумду”, – деди.

Ал эми шектүү адамдар айыбын моюнга албай жатышат.

 Статистикалык маалыматтарга ылайык,  АКШда  кылмыштардын 25 пайызы үй-бүлөлүк зомбулуктар негизинде жүз берет экен. Азыркы учурда мындай абалга көп күбө болуп жатабыз. Адамдар акылын иштетпегени себептүү, уйду, жыгачты, шамалды жана керек болсо адамды өздөрү үчүн кудай кылып алышкан.  Жогорудагы кабарды окуп жатып Ислам тарыхы эсибизге түштү.  Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын чоӊ атасы Абдулмутталиб өлгөндөн кийин, пайгамбарыбыз абасы Абу Талибдин колунда калган. Абу Талиб инисин өз перзенттеринен да көбүрөөк жакшы көрөт эле, эгерде бирер сапарга бармакчы болсо өзүнүн балдары калып, инисин алып кетер эле. Күндөрдүн биринде  кербен жолго чыгып кеӊири чөлгө барып калды. Бир киши “Ибадат кылууну унутуп калыппыз, буттарыбыз калып кетиптир го” деди, ошондо алар кеӊешип бир төөнүн сүтүн ылайга аралаштырып, өздөрүнө бут жасап алышты жана аны ортого коюп бардыгы сыйына башташты. Мухаммад с.а.в.ды  чакырышса да, пайгамбарыбыз аларды ээрчибеди. Кербен сапарын улантты. Кокустан жолдун боюнда турган бир ак ташка көздөрү түшүп калып кербендегилер ылайдан жасаган бутут ыргытып жиберишип, жаӊы табылган аппак ташты кудай кылып улуулап кетишти.  Расулуллах (с.а.в.)  ал кезде жаш бала болуп, ага рисолат кабары келе элек болсо да, ал киши Аллах берген акыл менен пикирлеп, буттардын алсыз жана жасалма о.э. бирөөлөр тарабынан жасалган нерселер экендигин толук түшүнүп жеткен.

Бүгүнкү күндөгү кайрыдин мушриктердин кылмышы себептүү жаш балдардын аруу дилдери жана акылдары ширкке толгон маалыматтар  менен  сугарылган. Эгерде акыл көзү менен карап  каршылык билдирсе же буттардын батыл экендигин  далилдешсе, жогорудагы баланын күнү алардын да башына түшөрү анык . Расулуллах (с.а.в.): “Бардык инсан жаратылышында мусулман болуп жаралат. Кийинчерээк аны ата-энеси жана айлана чөйрөсү мушрик, кафир жана маъжусий кылып тарбиялайт”, – деген.

 Эй эътикад ээлери!

 Дүйнөдөгү бардык кыйынчылыктар Ислам менен гана чечилет, Ислам бийик болсо гана адамдар караӊгылыктан нурга чыгышат жана эч кимдин акы-укугу – ал ата-эне болобу же перзент болобу, айырмасыз – тебеленбейт жана  албетте чырайлуу көрүнүштө корголот.  Исламий  системаны  мабдаъ   катары кайрадан тикелесек,  пенделик милдетибизди өтөгөн болобуз. Мусулмандар эле эмес, башка дин өкүлдөрү да  Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө тынч – бейпил өмүр сүрүшөт. Биз мусулмандар бул ишке жоопкербиз! Себеби, хидаяттан кабар тапкан пенделер бүтүндөй адамзат үчүн жоопкер болушат. Шарият тикеленсе гана адамзат эки дүйнө бактылуулугуна жетишет, иншаллах.

Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам сахабалары менен сүйлөшүп отурганда, бир сахаба: Эй Аллахтын Расулу,  кыямат күнүндө Аллах бизден айбандар тууралуу да эсеп-китеп кылабы? – деп сураганда, Пайгамбарыбыз: “Кыямат күнүндө ар бир жан тууралуу сураласыӊар”, – деп жооп берген.

Вассаламу алайкум ва рохматуллах.

  Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here