Путин: АКШ жана Израиль менен биргелешкен топ түздүк

254
0

Россия президенти Владимир Путин Сирияда ишке ашырылып жаткан чабуулдарда Израиль жана АКШ менен кызматташа турган ортоктош топ түзүлгөндүгүн билдирди. Путин бул тууралуу Россия-24 каналына берген интервюсунда айтып өттү.

“АКШлык жана израилдик досторубуз менен бирге аракет кыла турган топ түздүк. Түрк досторубуз менен да байланышыбыз бар. Күтүүсүз окуялар жүз беришинин алдын алуу үчүн АКШ кызматташтыкта аракет кылууну сунуштады. Мындай учурда эч кандай диалог болбогондон көрө ушул болсо да жакшыраак”, – деди Россия президенти.

Сириядагы авиа чабуулдар үчүн мурдатан даярдык көрүлгөндүгүн билдирген Путин: “Узак убакыттан бери абадан жана космостон изденүүлөрдү жүргүздүк. Жетиштүү запас жана күчтөрдү керектүү болгон жерге топтодук. Булар бир заматта эле болуп калган иштер эмес, тескерисинче мурдатан даярдап коюлган пландардын ишке ашырылышы”, – деп кошумчалады.

Путиндин айтымында, Россиянын чабуулдары Сирияда саясий чечимге жетишүү максатында жүрүп жатат.

Ал: “Биз Сирияда кургактыкта жүргүзүлүп жаткан аскерий операцияларга катышпайбыз. Биздин милдетибиз Сирияда мыйзамдуу башкарууну туруктуу абалга алып келүү жана саясий чечимге жетишүү үчүн шарттарды түзүү”, – деди.

Путин Сирия калкы кыргын кылынышын “саясий чечимге жетишүү үчүн шарттарды даярдоо” деп атады. Борбору Лондондо жайгашкан “Сирия адам укуктары” уюму жарыя кылган отчётко ылайык, Россиянын чабуулдары натыйжасында эки аптанын ичинде 104 карапайым тургун өлгөн. Алардын арасында аялдар жана жаш балдар да бар.

Отчётто ай            ттылышынча, ИШИМге каршы чабуул кылуу шылтоосу менен Сирияга кирген Россия ушул кезге чейин 23 жолу чабуул уюштурган. Ал эми булардан 15 чабуулда Асадга каршы күрөшүп жаткан оппозициялык топтор, 5 чабуулда ИШИМ көзөмөлү астындагы аймактарда жашаган тынч жарандар жана 3 чабуулда оппозицияга тийиштүү жерлер бутага алынган.

Отчётто: “Россия ИШИМге чабуул кылып жатканын айтып жаткан болсо да, бирок, турмуш чындыгы мунун тескерисин көрсөтүп жатат. Тынч жарандарды бомбалоо эл аралык адам укуктарын бузуу”, –  деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here