Россия менен Казакстан ортосунда нефть келишими түзүлдү

270
0

Расмий сапар менен Казакстандын борбору Астанага келген Россия президенти Владимир Путин казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Эки мамлекеттин өкүлдөрү өткөргөн жолугушуудан тышкары, Путин менен Назарбаев ортосунда жекече жолугушуу да болуп өттү. Жолугушуунун соӊунда Россия жана Казакстан ортосунда Каспий деңизинен чыгуучу нефть кендери туурасындагы келишимге кол коюлду.

Каспий деңизинин түндүк бөлүгүндөгү суу астындагы байлыктар боюнча эки мамлекет ортосунда 1998-жылы кол коюлган келишимге кошумчалар киргизилди. Путин менен Назарбаев ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Каспий деңизинин нефть чыгуучу бөлүгүндө Россия компаниялары үчүн нефть булактары үстүнөн өкүмдарлык кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Кол коюу ырасымынан кийин ортоктош билдирүү берилди. Россия президенти Владимир Путин Казакстан нефтисинин өтө чоӊ бөлүгү чет өлкөлөргө Россия жерлери аркылуу чыгышын баса белгилеп, мурдагы келишимге өзгөртүү киргизилгендигин билдирди.

“Каспий деңизинен чыгуучу нефть кендерин кызматташтыкта казып алуу сыяктуу чоӊ долбоорлорубуз бар. Каспий деңизинин түндүк бөлүгүндөгү нефть булактарын аныктоо боюнча 1998-жылы кол коюлган келишимге өзгөртүүлөрдү киргиздик. Бул болсо, эки үлкөн углеводород булагы үстүнөн эки мамлекеттин фирмалары иш алып барышын түшүндүрөт”, – деди Россия президенти.

Казакстан менен ядролук тармакта да кызматташтыкты өнүктүрүү каалоосу бар экендигин билдирген Путин: “Россия менен Казакстан биргеликте электр энергиясы базары үстүндө иштеп жатат. Казакстандын биринчи атомдук станциясын курууга даярдык көрүп жатабыз”, – деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here