Улуу аалым шейх Ато ибн Халил Абу Руштанын Фейсбук баракчасындагы колдонуучуларга жолдогон сөзү

367
0

Аллахка мактоолор болсун, Расулуллах Aга, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал затка дос болгондорго саламдар болсун, амма баъд:

Аллах азиз кылып, ал жөнүндө:

كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

«Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар,жакшылыкка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер»    [3:110]

деп айткан Исламий Үммөттү,

Пакиза таква – Аллах астында эч кимди күнөөдөн аруу деп айтпайбыз – даъват жеткирүүчү, эң жакшы сөздөрдү сүйлөгөн, салих амалдарды кылган жана Аллахтын ушул:

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِين

«(Адамдарды) Аллахка даъват кылган жана салих амал кылып, албетте мен мусулмандарданмын, деген кишиден да чырайлуураак сүйлөөчү ким бар?» [41:33]

сыпаттоосуна ылайык заттарды,

Акыйкат жана чынчылдык менен ушул баракчабызды зыярат кылып, андагы жакшылыкка умтулуп жаткан (Аллах баарын жакшылык… менен сыйласын) колдонуучуларды,

Бардык-баарыңарды ушул курман айт менен куттуктаймын. Аллах Субханаху ва Тааладан ажылардын ажылыгын кабыл алып, күнөөлөрүн магфират кылышын сураймын. Аллах бул жылы ажылык кыла албаган кишилерди келерки жылда жакшылык үстүндө ажылык кылууларына жетиштирсин. Аллах Субханаху ва Таала салих амал кылуучуларды дос тутат.

Аллах Субханаху ушул айтты бардык мусулмандар үчүн жакшылык-береке ачкычына айлантсын, келерки айтты рошид Халифалык астында, ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах байрагы астында өткөрүшүбүздү насип кылсын.

وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

«Ошол күндө момундар Аллах үстөм кылганы үчүн шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишини үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым Ээси»    [30:4-5]

Сөзүмдүн аягында баарыңарга салам жолдоп, жакшылык тилеймин, Аллах таат-ибадаттарыңарды кабыл алсын.

وَنِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ

«Жакшы амал кылуучулардын ажр-сооптору кандай гана жакшы ажр-сооп!» [3:136]

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

 

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рушта  

10-зул-хижжа, 1436-х.

24-сентябрь, 2015-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here