КУЛДАРГА БУЙРУК КЕРЕК – ХУРЛАРГА ПИКИР

259
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

КУЛДАРГА БУЙРУК КЕРЕК – ХУРЛАРГА ПИКИР

Кул – эрки жана ыктыяры өз колунда болбогон адам. Ал пикирлеринде да, аткарып  жаткан иштеринде да эркин эмес. Тескерисинче, ар бир нерседе кожоюнуна моюн сунат. Анын буйруктарын эч бир экиленбестен ишке ашырат. Каршылык көрсөтүүгө, кеӊешүүгө же өз оюн билдирүүгө эч кандай акысы жок. Аны аракетке келтирүү үчүн же багытын өзгөртүү үчүн ага кожоюну тарабынан буйрук берилиши керек.

Хур болсо, анын тескериси болуп, эч бир нерседе башка бирөөгө көз каранды эмес, тескерисинче, айты жаткан сөздөрүндө да, кылып  жаткан иштеринде да толук ыктыярдуу. Ар бир сөздү айтканда өзүнүн пикиринен келип чыгып айтат жана ар бир ишти кылып  жатканда да өзүнүн толук ыктыяры негизинде ишке ашырат. Анын ар бир вакиъге карата жекече пикири жана түшүнүгү бар. Ал түшүнбөй калган жерде гана аракеттен же өз раъйын билдирүүдөн токтоп калат. Аны аракетке келтирүү үчүн же катасын оӊдоо үчүн ага түшүндүрүүнүн жана туура пикирди берүүнүн өзү жетиштүү.

Адам өз вакиъсине көнүп калгандыгынын натыйжасында өзүнүн абалына туура келбей турган иштерди кылып коюшу адаттагы көрүнүш. Мисалы, бир адам хурдуктан кулдукка айланганда, мурдагысындай эле, хурларча, өз пикирин айтууга же кожоюнунун раъйына каршы чыгып, нааразылык билдирүүгө кетип калат. Муну кожоюну акырындап тарбиялап, өзүнө моюн сундуруп алат. О.э. кулдук турумушунда узак убакыт жашаган адамга эркиндик берилсе, ал да кулдар сыяктуу, өз пикирин билдире албайт, өзүнчө бирер ишти кылып жиберүүдөн коркот. Себеби, ал сүйлөгөн сөздөрүндө да, кылган иштеринде да жоопкерчиликти албаган, тескерисинче кожоюнунун тапшырмаларын аткарууга адаттанган. Ал кылган ишинен да, айткан сөзүнөн да жоопкер болбогон. Ал өз адаты боюнча жоопкерчиликтен качат.

70 жылдык коммунисттер жетекчилигинде биз да кулдай мамилеге көнүп калып, эмне кылуу, кандай кылуу керектигин, ал тургай айта  турган сөзүбүзгө чейин Москвадан суроого мажбурланган саясаттын натыйжасында өз раъйыбызды да айта албай турган болуп калдыкпы? 25 жыл мурда “силер өзүӊөр каалагандай, эркин жашагыла” деп берген буйругунан кийин да биз тышкы саясатта да, ички саясатта да өзүбүздөн келип чыгып иш кыла албай турган кулдарга айланып калганбызбы? Эмне үчүн ар бир ишибизди же Россиядан, же башкалардан уруксат алып анан кылабыз? Ар бир сөзүбүздү да алардын каалоосуна ылайыкташтырып сүйлөйбүз? Өз раъйыбызды, диний ишенимибизди айтуу качанкыга чейин кылмыш болуп эсептелет? Качанкыга чейин ички жана тышкы саясатыбызды башкалар белгилеп берет?

Тарыхта ушул сыяктуу бир иш жүз берген: АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн (1861-1865) кулдарды азат кылганда көпчүлүк кулдар хурлуктан дагы кайрадан кул кылышын талап кылып кожоюндарына келишкен. Себеби, алар кулдарча жашоону гана түшүнүшүп, хурдук жашоону билишпейт эле. Ислам болсо, келген алгачкы мезгилинде, кулдарга хурлардай мамиле кылууга катуу көӊүл бурган. Өз чөйрөсүндө аларга да акы-укуктарды белгилеген. Т.а. аларды ар бир иштин жоопкерчилигин алууга кудуреттүү кылуу менен бир катарда кулдукту жок кылууга алып бара турган мыйзамдарды чыгарган.(тафсилаты үчүн “Исламий шахсия – 2” китебинин 2-бөлүмүндөгү “Исламдын кулдукка жана кул кылууга болгон мамилесине” кайрылыӊыз).

Аллах Таала айтат:«…кол астыӊардагы кулдарыӊарга жакшылык кылгыла!».[3:36] Пайгамбарыбыз (с.а.в. мындай деген: «Кол астыӊардагы кулдарыӊар туурасында Аллахтан таква кылгыла. Алар боордошторуӊар. Аллах аларды кол астыӊарда кылып койду. Аларга өзүӊөр жей турган нерселерден жедиргиле, өзүӊөр кийе турган кийимдерден кийгизгиле, аларга күчтөрү жетпей турган нерсени буйрубагыла, эгерде буйрусаӊар өзүӊөр да жардам бергиле». Муслим риваяты. Абу Хурайранын мындай дегени да риваят кылынган: Пайгамбар u айтты:«Бирөө-жарымыӊар эч качан менин кулум жана менин күӊүм дебесин. Баарыӊар Аллахтын кулусуӊар жана бардык аялдарыӊар Аллахтын күӊдөрү. Бирок, менин гуламым, жариям, уулум жана кызым деп айтсын». Чындыгында шарият кулдун даражасын жогору көтөрдү жана аны эркин адамдай кылып койду. Анткени, шарият кулдун канын кол тийгис кылып койду. Ошондуктан, эгерде азат адам аны өлтүрө турган болсо өзү да өлтүрүлөт. Себеби, Аллах Таала мындай деди: «Эй момундар, силерге өлтүрүлгөн кишилер үчүн касас алуу фарз кылынды». [2:178] Касас – бул  кандай зыян жеткирилсе ошондой өч алуу жана кылмышкерди жазалоо. Касас сөзү кылмышка бериле турган жазага карата жана кылмышкер эмне кылган болсо, ага да ошондой жаза берүүгө карата колдонулат. «Силерге өлтүрүлгөн кишилер үчүн касас алуу фарз кылынды» деген сөздүн мааниси өлтүрүү кылмышынын жазасы катары тиги өлтүргөн адамды өлтүрүү силерге фарз кылынды дегени. Бул өкүм умумий болуп, эркек, аял, эркин адам жана кулду өз ичине алат. Муну Ибн Мажа Ибн Аббас аркылуу риваят кылган Пайгамбарыбыз(с.а.в)дын төмөнкү сөздөрү кубаттайт: «Мусулмандардын кандары өз ара бирдей». Ошондуктан, бул өкүм умумий болуп эсептелет. Демек, кандын кол тийбестиги жаатында азат адам менен кул бирдей. Кулду өлтүрүү арам болуп, аны өлтүргөн адам ким болбосун өзү да өлтүрүлөт. Ушуга негизделип айтуу мүмкүн болгондой, Ислам кулдун жаны менен азат адамдын жанын теӊ кылып койду, кулдун канын азат адамдын каны сыяктуу кол тийгис кылып койду. Пайгамбарыбыз(с.а.в): «Ким кулун өлтүрсө анын өзүн да өлтүрөбүз», – деген. Абу Давуд риваяты.

Биздин үстүбүздөн өз өкүмүн мажбурлап орнотуп келе жаткан саясатта, жок эле дегенде Исламда кулдарга кылына тургандай мамиле да кылынбайт. Күчтүү ар дайым күнөөсүз, алсыз болсо, алар каалаган убакта кылмышкер?! Ал тургай, бул саясатка каршы өз пикирин, нааразылыгын билдирген адам терроризм же экстремизмде айыпталып, кылмышкерге айланат. Мисалы: “демократия жашоо жана мамлекеттин негизи”, “дин саясаттан ажыратылышы керек”, “чегараларыбызды коргобосок душмандар жашообузду изден чыгарат” же “«муътадил Ислам»дан башкасы мыйзамсыз” деген сыяктуулар түпкүлүгүндө болбогон негизсиз жомоктор болуп, жашообузду оорлоштуруп жаткан жана акыретибизди күйгүзүп жаткан акмакчылык пикирлер же колонизатор кафирлердин кызыкчылыктары негизиндеги бизди кулдукта кармап туруу үчүн зордоп, өкүмдар кылып  жаткан “пикирлер” болуп эсептелет. Буларды качан ашкере кылабыз?! Же аларды да Россия: «Биз капитализмден да баш тарттык, эӊ туурасы Ислам экен. Демократияны ыргытып жиерип, Исламды кылгыла», – деп буйрук бергенге чейин өзүбүздү-өзүбүз алдап, элдин айтканы болуп жатат, эл шайлаган “депутаттар” жана “жетекчилер” бизди башкарып жатат деп убакытты текке кетиребизби?! Өзүӊдү хур адам деп билсеӊ өз пикириӊди ашкере айт: Сен “азыркы жашоо мүмкүн болушунча туура негизде жана акыйкат болуп жатат”, – деп ишенесиӊби? Жашообуз үчүн туура негиз жана туура программаны билесиӊби же сага да “буйрук” керекпи?

Абу Зохид.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here