Израиль аскери 18 жаштагы муслима кызды атып өлтүрдү

262
0

18 жаштагы Худай Муслемун таӊ эртелеп Палестинанын ал-Халил шаарында жайгашкан көзөмөл постуна жакындап калганда Израиль аскерлеринин каршылыгына дуушар болду. Израилдин коркок аскерлериинин бири жаш кызга ок атты. Автомат огунан жарааат алган кыз эси ооп жерге жыгылды.

Израиль аскерлери куралсыз кызга коркоктук менен ок атканы жетишпегендей, тез жардам машинасы келип жарадар кызды ооруканага алып кетишине да уруксат беришпеди. Худай жарым саат убакыт  жарадар абалда кароосуз калды. Ошондон кийин ооруканага жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылган муслима кыз автомат огунан алган жараааты себептүү көз жумду.

Израилдин коркок аскерлери палестиналык муслима кызды өздөрүнчө бычак менен чабуул кылгандыкта айыптап жатышат. Бирок, окуя жүз берген убакта тартылган сүрөттөр Израиль аскерлеринин даабасы жалган экендигин көрсөтүүдө.

Күбөлөрдүн Нью-Йорк таймс гезитине билдиришинче, палестиналык кыз сумкасын Израиль көзөмөлчүсүнө көрсөтмөкчү болгон кезде Израиль аскери тарабынан атып ташталган.

Бечара кыз жарым саат онтоп топуракта оонап жатканда “Эй Муътасим! Кайдасын?”, деп айтууга да тили барбады. Себеби Муътасимдин ордун элүүдөн ашуун малай акимдер ээлеп алышкан. Бул акимдердин кайсы бири мазлума кыздын муӊ-зарына кулак салып, жок эле дегенде Израилге тике карап “бул жерден жогол” деп айтууга батынышы мүмкүн? Түркия президенти Эрдоганбы?! Акыйкатта болсо, ал Сириянын мусулман калкын кыргын кылуу үчүн АКШ менен кызматташып, ага Инжирлик базасын ачып берди. Ал жерден асманга көтөрүлгөн АКШнын самолёттору ИШИМ шылтоосу менен шарият мыйзамдарын талап кылып жаткан калыс мусулмандарды кыргын кылууда. Же Саудия королу Салманбы?! Ал болсо мусулмандардын акчасына келген куралдарды куфрга каршы эмес, тескерисинче Ямандагы мусулмандарды кыргын кылуу үчүн ишке салып жатканына бүт дүйнө жүзү күбө болуп турат. Калган малай акимдер да кудум ушундай. Алар АКШ же Батыш мамлекеттери сызып берген сызыктан бир карыш да четке чыга алышпайт. Же Абу Бакр Бададийби?! Акыйкатта болсо, ал ушул кезге чейин яхудий вужудуна карата бир ок атмак тургай, Израилдин кылмыштарын жок дегенде бир жолу тили менен болсо да сындап чыккан эмес.

Кыскасы ишеним менен айтуу мүмкүн болгон нерсе, мусулмандардын Муътасим сыяктуу чыныгы Халифасы болбогон соӊ, бул зулумдар улана берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here