Өзбекстан жакынкы аралыкка болжолдонгон Р-73Э авиа ракеталарын сатып алууну пландаштырууда

347
0

“Букс” компаниясынын башкы директору Юрий Клишин “РИА Новости”ге берген иртервьюсунда билдиришинче, Өзбекстан Россияда иштелип чыккан жана жакынкы аралыка болжолдонгон Р-73Э ракеталарын сатып алууну пландаштырууда.

“Компания 2016-жылы ракеталарды жеткирип берүү боюнча Казакстан, Өзбекстан жана Куба менен келишим түзүүнү пландаштырган”, – деди Клишин. Ал эми түзүлө турган келишимдер тууралуу кеӊири маалымат бербеди.

Анын айтымында, мурдагы Советтер союзу аймагындагы бардык мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө 20 километрге чейинки бийиктиктеги бутаны жок кылууга каратылган бул сыяктуу ракеталар бар.

Өзбекстан да 2016-жылы Россиянын жакынкы аралыктагы согуштар үчүн болжолдонгон авиация ракеталарына ээ болушу мүмкүн.

Узундугу 3 метр, оордугу 110 килограмм болгон Р-73Э авиация ракеталары 5 метрден 20 километрге чейинки бийиктиктеги бутаны жок кыла алат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here